Menu

Россия виза режимин киргизсе, Кыргызстандын эли менен бийлигинин көргөн күнү кандай болор экен?

Бөлүшүү:

Россия Борбор Азиянын жарандары үчүн виза режимин киргизери тууралуу көптөн бери сөз айтылып келүүдө. Мындай имиштин чындыгы бар экендигин кечээ Россия Мамлекеттик Думасынын Жогорку палатасынын жыйынында да сөз болду: НТВ телеканалынын билдирүүсүндө, Федерация Кенешинин коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Франц Клинцевич ушундай демилгени көтөрүп чыккан. Ал өз сөзүндө: “Борбор Азия республикаларында социалдык чыңалуу күч алууда. Мага бул республикалардын жетекчилери таарынбай эле коюшсун, бирок кырдаал ушундай. Ошондуктан виза режимин киргизип, чек арада катуу көзөмөл орнотуш керек”,- деген. Орус депутатынын борбордук азиялык республикалар үчүн виза режимин киргизүү пикири ИГИЛдин эки согушкеринин кармалгандыгына байланыштуу айтылган. Анткени колго түшкөн экстремисттер Борбор Азиянын жарандары болуп чыккан. Алар ИШИМ-дин буйругу менен 1-сентябрда Москва шаары менен Москва облусунда террорчулук уюштурууну пландаштырышкандыгын да моюнга алышкан. Эгер Россия бийлиги аталган депутаттын сунушун колдой турган болсо, анда жалаң мигранттардын акчасына жашап келаткан Кыргызстандын эли менен бийлигинин көргөн күнү кандай болор экен?…

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 + = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: