Menu

Жети-Өгүздүн 31 жаштагы тургуну 16 жаштагы кызга үйлөндү деген маалымат текшерилүүдө

Бөлүшүү:

Ысык-Көл облусунда милиция Жети-Өгүздүн 31 жаштагы тургуну жашы жете элек кыз менен никеге турганы боюнча маалыматты текшерип жатат.

Буга чейин, социалдык тармактарда Жети-Өгүз районунун тургуну нике аземи менен жашы жете элек кызга үйлөнгөнү тууралуу маалымат тараган. Үйлөнгөн адам  31 жашта, ал эми кыз 16 жашта.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, Жети-Өгүз районунун ички иштер бөлүмүнө жашы жете элек кыздын мыйзамдуу өкүлдөрүнөн арыз түшкөн эмес. Ошол эле учурда, маалымат Ички иштер бөлүмүнө катталган. Бул окуя болгон айылда райондук милициянын тергөө-ыкчам тобу текшерүү үчүн жөнөп кетишкен.

Бардык керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлгөндөн кийин, процессуалдык баа берилет.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − = 14

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: