Menu

Капастагы сүлөөсүн

Бөлүшүү:

Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясы кабарлагандай, Чүй облусунун Кемин районунда Кызыл китепке кирген жаныбар — сүлөөсүндү капаста кармап, кара ниет мамиле жасаган факты аныкталды.

Кыргызстандын Кызыл китебине кирген, мыйзам тарабынан кармоого жана аңчылык кылууга тыюу салынган сүлөөсүн жаныбарын Кемин районунун Тар-Суу айылынын тургуну Кемин суусунун боюнда капаста кармап келген.
Экологдор сүлөөсүндүн жашы 10 айга чамалуу экенин аныкташты. Жаш сүлөөсүндүн көзү жабыркаган, кебетесине караганда аны колго үйрөткүлөрү келип, кара ниет мамиле кылышкандыгы байкалган.
Экология кызматкерлери сүлөөсүндү коомдук “Бугу эне” фондуна өткөрүп беришти.
Маалымат үчүн: Сүлөөсүн баралына келгенде жапайы жаныбарлардын ирилеринин бири болот. Анын денесинин узундугу 82-105 см келип, салмагы 8-15 килограммга жетет, айрым учурда андан да чоңоёт. Денеси кыска, чымыр келип, буттары бекем, күчтүү, жүндүү. Куйругу кыска, аягы кыркылып коюлгандай. Кышында териси саргыч-күрөң тартып турса, күзүндө ачык саргыл тартып турат.
Сүлөөсүн аңчылык жагынан ат салдырбайт: элик, эчки, коен, кемирүүчүлөргө аңчылык кылат, кээде үй жаныбарларына кол салат. Үңкүрлөрүн жар боорунан, аска арасындагы үңкүр арасынан тандайт. Кышында жана эрте жазда кууттан чыгат. Май айларында төлдөйт. 2-3 же кээде 5-6 балалуу болот.
Сүлөөсүн адам баласына сейрек кездешет жана Кызыл китепке киргизилген.
2018-жылдын февраль айындагы маалымат боюнча Кыргызстанда 1034 сүлөөсүн бар.

Айжан Айтышева

Булак: ПолитКлиника

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: