Menu

Ызгаардуу күндөрдүн ызасы: Сооронбай, Дастан, Сапар – үч үкөмө кеңеш кеп

Бөлүшүү:

Кыпкыргызча, жапжайдары жалпак тилге салып туруп, “ович-мовичи” жок эле айтып калайынчы, айтар эки ооз кебимди. Айрыкча, акыркы үч-төрт күндө кырчыйып, протоколго ылайык сөздөр тандап сүйлөгөнгө чамам да келбей калды.

Сырттан келип төр талашкан Чилдекан айым өзүнүн жан чыдагыс ызгаары менен инсандардын дене-боюн муздатып, үшүтүп эле тим болбой, алардын ички дүйнөсүнө, көкүрөк-көңүлүнө кирип алып, ичтен кууруп, өзөктү  өрт каптатып да жиберет тура, оңбогур. Ысыктан күйгөн күйгөн дечи, баарыдан да, сууктан “күйгөн” жаман болот шекилди. Өз башыңа келгенде абдан эле билет экенсиң – үч күндөн бери жакшы эле көрүп жатам, билип жатам.

Калыстык үчүн айткылачы, өчөйүп өнүгө албай, контрабандисттерге жем болуп, жылдан-жылга кедээрине кетип бараткан өз өлкөсүндөгү мупмуздак үйүндө ичин өрт, көңүлүн муз каптап, кай жери күйүп, кай жери тоңуп жатканын аныктап билүүгө чамасы келбей, аргасы алты түгөнүп отурган бир карт жарандын калеминен кандай сөздөр чыгышы мүмкүн эле? Албетте, ачуу менен ызага, жек көрүү менен өкүнүчкө чыланган протест түрмөктөрүн каалаган өлчөмдө күтсө болмок. Бул нак ошондой, талашып-тартышаар эч жери жок. Акыркы күндөрдөгү капилет түзүлгөн кырдаал мына ошону талап кылып турат. Мындайда ооздорду жаап, тилдерди тыйып коюуга, же айтылган ачуу сөзгө теригүүгө эч кимдин акысы жок. Эч кимдин!  Неге десеңиз, өлкөнүн көздөй болгон борбор шаарында, кыш чилденин күнүндө: сыртта –  -230, үйдө –  +170. Ушундай шартта үч күн жашап эмес, бир-эки саат туруп көр, эркек болсоң!

Бирок мен, эң оболу, жаш курагым жол бербей, анан да, Кыргызстандын акыркы чейрек кылымдагы абалын билген киши катары, протест эмес, жөн гана аксакалдык кебимди тамаша-чыны аралаш айтсамбы дедим. Балким, бир таасири болор, же болбос… Айткан кебим буларга жакпаса да, көзү чалган айрым башка бирөөлөрдүн жадысында, непадам калган болсо, кийи-и-н эстеп, турмушунда колдонор. Андай да болбосо, баягы сая кеткен мээнетимдин бири эмеспи, унутулар да калар. Негизгиси, мен айтар оюмду айтып алайын, колдон келген ишимди аткарып коёюн. Калганы кудайдан…

Карасам, өлкөбүздүн үч “кыл чокусун” ээлеп турган үч жигиттин үчөө тең жаш жагынан менден алда канча кичүү экен. Эң улуусу иним менен, эң кичүүсү балам менен тең тура. Жалпысынан, үкөлөрүм деп койсом боло турган. Анын үстүнө, ушул катаал күндөрдө менин дилим кандайдыр беймаза бир нерсени сезип туру. Ушул күндөрдө, “өз кишилеринен” башканын кебин угуп көнбөгөн чоңдордун эл айткан пикирге, жарандар айткан сөзгө кулак салышы зарыл болгон бир кырдаал түзүлө калгандай да сезилип жатыры.  Кимдин ким экени билинип, айрымдардын анча-мынча көзү ачылган сыяктуу да болуп көрүндү мага, негедир.

Ким билет… Балким, жаңылышып жаткандырмын. Чымынды төөдөй кылып көрүп жаткан жок бекемин десеңeр? Кокустан биздин чоңдор:  суугуңду да… ТЭЦиңди да… аварияңды да… башкаңды да… деп коюп, ээн-эркин даң салып жүрүштү бекен же… Анын ордуна наркобарондордун жолу.., контрабанда жүгү.., кызматтан ал, кызматка кой.., камап сал, чыгарып кой… сыяктуу, дагы далай-далай “маанилүү” маселелерди талкуулап, ээлеген кызматтары берген мүмкүнчүлүктөргө маашыр болуп, жыргап-куунап атышты бекен а… Жок, андай боло койбос! Андай болбой калсын, ылайым! Үч үкөм тең маңдайынан карап көрсөм,  антээр жанга окшобойт!

Кантсе да, ушул ызгаардуу күндөрдүн ызасы менен, Чилдекан айымдан көргөн кордугума чыдабай, ушул үч үлкөн үкөмүн кулагына, негизинен, бир эле маселе боюнча күмүш сырга тагып коюуну туура көрдүм. Ооба, бир эле маселе, бирок өнүгүүнүн бирден-бир ачкычы болгон маанилүү маселе.

Биздин айылдыктарча айтканда, oo, Сооронбай, Дастан, Сапар – урматтуу үкөлөрүм! Ушул күндөрдө болуп жаткан авария, жарылуу, өрттөнүү, кычыроон суук, чындап келгенде –  Жараткандын силерге (эң оболу ушул үчөөңөргө), элге жиберип жаткан чоң сыноосу болуп атканын түшүндүңөр бекен. Түшүндүңөр да, албетте. Элге раxмат, кың дебей, анда- мында эле онтолоп койгону болбосо, бул жан чыдагыс сыноодон чыдамкайлык менен өтүп жатат. Биздин элдин териси пилдикиндей калың белем. Башка эл болсо, мурдуларын бырыктатып, көз жашын көлдөй төкмөк. Биздин эл бул сыноодон да муңбай өтөт. Бүт дүйнөнү сел алса да былк деп койбос, калбаат мүнөз, кайран кыргыз. Ээй, үкөлөрүм, силер да кыргызсыңар, ылайым, аман-эсен өтүп кеткиле, бул балээлүү сыноодон.

Кыргызстан учу-кыйырсыз чоң өлкө эмес, эң баштагы киши менен эң төмөндөгү кишинин ортосундагы аралык сөөм да чыкпайт; арасы өтө эле жакын. “Силер жакта” эмне болуп жатканын “бул жакта” баары эле билип турат. Билмек турсун, жаныңардагы жагымпоздор силерден жашырып койгон көмүскө жерлерден бери алейне көрүп да турат. Үчөөбүздүн ортобуздагы эле “сөз”, “иш”, “мамиле”, эч ким туйбайт, эч ким билбейт, сыр бойдон калат деп эгерим ойлобогула.

Сөздү көп узатып кереги жок, бул учурда сыноодон башы бүтүн, боору эсен өтүүнүн негизги эле шарты – ЫНТЫМАКТЫК. Муна ушул ЫНТЫМАКТЫК деген касиеттүү түшүнүк өкүмүн сүрбөй калса – иш кыйын. Силердин ушу тапта, ич ара марттык менен бөлүшөр, бөлүшүп жатып андан бетер арбытар эң негизги байлыгыңар мына ушул – ЫНТЫМАКТЫК. Андан өткөн байлык жок. Бийликтин тынымсыз алмашып турушу, куру саясат баарыбызды алда качан тажатып, көңүлүбүздү үч көчкөн журттай калтырып бүткөн. Эл деле ушулардын иши жүрүшүп кетсе экен деп тымызын тилеп турат.

Ачык айтайын, ушул сыноо күндөрү силердин ыркыңардын түпкүрүнө билинер-билинбес, үстү жабык, дипломатиялык сөздөр менен далдаланган зака кетип калдыбы дейм. Уккан-көргөн маалыматтар мына ушуну каңкуулайт. Анда эле, үчөөңөр тең бул сыноодон өтпөй калдык дей бергиле! Баягылардын эле бири болуп каларыңарды билгиле. Качкандары да, качпагандары да бул элдин көкөйүнө көк таштай тийип бүткөн. Калайык калк силерден үмүт кылып: “Булар эми аларга окшобостур” деп, акыркы чыдамын ала жазга сактап туру. Мындай кыйын-кыстоо күндөр күчтөрдү ыдыратып бөлүп салбай, тескерисинче, бир муштумга бириктириши керек ко дейм.

Күндүн көйгөйүн чечүү үчүн көрүлгөн чараларга дит баксак, кооптуу деп саналган жерлерге (мисалы, ТЭЦке) УКМКны жиберип, айыптууну издетип жатасыңар. Айыптуу сөзсүз табылат, бирок ал маселеленин чечилгени болуп эсептелбейт, албетте. “Таптык, жазаладык” деген сөз “маселени чечтик” деген сөз эмес ко. Айыпкерди таап туруп, ошол замат атып жиберсеңер да, менин төрүмдү ээлеп жаткан Чилдекан айым: “Болду эми” деп кийинип чыгып кетпейт. Анан да ал, ТЭЦтеги күнөкөр неме, өзүңөр эле дайындаган бирөө болуп чыкпай эмне, такыр жаны жок бекен. Ал бечара да өзү адис болбосо, кесиби жок болсо, эмне кылсын! Балким, диплому бардыр, бирок адис болуп, кесипкөй болуп калыптанган эмес да. Ошонун дипломунун бар экенине деле ишене албай турам дечи. Маселенин өзөгү мына ушунда! Ал жердеги адамдардын, айрыкча жетекчилердин чыныгы кесипкөй болбогондугунда. Канча киши иштешсе, ошончонун канчасы адис, канчасы көчөдөн экенин эле эсептеп чыккылачы, ошондо эле бул чыпынын анык жүзү көрүнөт.

Кыскасы, мына ушул, бүгүнкү чыккан балээнин төркүнү эмнеде болуп жатат, үкөлөрүм? Укпасаңар да, билгенимди айтып коёюн! Балээнин баары, өлкөнүн бүткүл тармактарында (бир эле ТЭЦте эмес!) ПРОФЕССИОНАЛИЗМ деген түшүнүктүн жок болуп калгандыгында; өлкөнү өлкө кылып кармап турчу ушул олуттуу түшүнүктүн биздин коомдук турмушубуздан такыр сүрүп чыгарылгандыгында, анын такыр жоюлуп кеткендигинде. Бардык тармактардын саясатташып, партиялашып, ирип-чирип бүткөндүгүндө. “Коюп койсо иштей берет”, “өз кишибиз болсун” деген, дүшманга атаа кылынгыс түркөй пикирдин кыргыз коомунун, кичине-чоң жетекчилердин кан-жанына сиңип бүткөндүгүндө.

Партияга эмес, кайсы бир өрөөнгө эмес, улутка, өлкөгө кызмат кылуу керек деген чыныгы ураан кайда житип жоголду, ким жоготту? Кыргызстан деген өлкөнүн башына жаман бир иш түшкөн болсо, «кайсы партияң эмнеге жарайт, кимге керек болот; арам-адалдан бириктирип жыйган байлыгың, милиарддарың кимге керек болот, эмнеге жарайт; деги өзүң кимге керек болосуң, эмнеге жарайсың?» деген суроолорду эмне үчүн өзүбүз өзүбүзгө бербей калдык? Адамдардын канына завын болгон акчаларды капчыгына кебелбей салып жүргөн, кан кускур кысталактар кайдан чыкты?

Макул эми, үкөлөрүм, эгер силер Кыргызстанды өнүп-өскөн өлкө кылам десеңер, кыргыз элине көзүңөр түз болсо, эң негизгиси, өзүңөрдү өзүңөр адам катары сыйласаңар – ПРОФЕССИОНАЛдарды колдогула, аларга жол бергиле. Аларды биздин партиядан эмес деп сүрүп салып, ордуна партиялаш көрүнгөн бир дилетантты, далдырбайды дайындай салбагыла! Бул жолдон кайтпасаңар, өзүңөр көрөсүңөр, жаман айтпай жакшы жок дейт эмеспи, азыр болбосо кийинчерээк силердин да түбүңөргө дал ошол далдырбайлар жеткен болот. Бардык жерге ПРОФЕССИОНАЛдарды алып бара көргүлө. Өлкөнүн бардык маселелерин ПРОФЕССИОНАЛдар чечет, дилетанттар, көчө чаңытарлар чечпейт, кийин үйрөнүп алган эпчилдер да чечпейт; теориялык билимин практика менен жалгаштыра алган, интеллекти жогору, дүйнө-мүлктүн артынан түшпөгөн, намыс-арлуу  ПРОФЕССИОНАЛдар гана чечет.

Өзүңөр билесиңер, акыркы 25 жылдан бери ПРОФЕССИОНАЛдар четке сүрүлүп салынып, жагымпоз, “сизден башка киши жок”, “сиз кандай десеңиз ошондой болсун” деген жасакерлердин, ээрден көчүгүң кылтаяр замат апарзан сатып кетчү шумпайлар менен шуркуялардын күнү тууп келе жатат. Улам жаңы келген жетекчинин өзүнө ылайыктап түзүп алган эпчилдер тобу, жемекейлер тобу өлкөнү саткындык менен бүтүрүп баратат. Силер, үчөөңөр тең жаңысыңар, жашсыңар, андай топторуңар акырындап түзүлүп баштаса да, аягына чыга элек чыгар. Эң оболу, “Сенден башка киши жок, таксыр” деп, оозуңардан кирип артыңардан кургак чыккан шайтандардан оолак боло көргүлө, үкөлөрүм!

ПРОФЕССИОНАЛдар эч качан эч кимди уят кылбайт. Алар сатпайт, уурдабайт, пара бербейт жана албайт! Өзүнүн кесибин көздүн карегиндей таза туткан ПРОФЕСИОНАЛ адам, башка ишке да так ошондой мамиле кылат. Бир да кесиптин өтөсүнө чыкпаган, ага-буга учуп-конуп желпелeктеп жан багып жүргөн, эч нерсе колунан келбегенде алып-сатар боло коюп, анан арамдан тапкан акчасы көбөйгөндө саясатка кирип кеткен жетесиздерден эрте күндө кутулгула дээр элем.

Эгерде, ПРОФЕССИОНАЛдарга таянсаңар, ишенип койгула, ошол күндөн баштап, электр станцияларында авария болбойт; ТЭЦ кыйрабайт, базарлар өрттөнбөйт, университеттердин ректорлору ПРОФЕССИОНАЛ илимпоз-окутуучуларды ишинен куубайт, студенттер аудитория көрбөй жүрүп эле диплом албайт, УКМКнын кызматкерлери интеллигенция өкүлдөрүнүн артын чукуу менен алек болбойт; чет элдик шектүү фирмалар, инсандар өлкөдө өз билгенин  кылып, кыргыз элин мазактабайт; миллиондогон акчалар уурулардын чөнтөгүнө кирип кетпейт… Себеби, ар ким өз жумушун, милдетин ПРОФЕССИОНАЛдык менен, таза, сүйүп аткарат. Натыйжада, өлкө бир жылдын ичинде артта калуунун дат баскан чынжырын жулуп чыгып, эл катары өркүндөй баштайт. Экономикаң өзүнөн-өзү өр талашат, адамдардын руxу тазаланат, сот системасы чириген саздын түбүнөн чыгат, илим-билим, искусство жанданат; калганын кой, мынабул ушак жазган журналисттердин колдонгон жанрлары да, көнгөн стилдери түп тамырынан бери өзгөрөт.

Кайталап айтарым, бизди өлкө катары кыйратып бараткан (өнүгүп баратабыз деп эч ким эч кимди алдабасын!) илдет  – ушул ПРОФЕССИОНАЛИЗМди жээрүү илдети. Ал өзү жалгыз эле болсо эмне, ал – артынан далай башка илдеттерди эрчитип алып келчү балээ илдет. Ал – коомдук турмушту, өлкөнү кыйратуучу, көрүнбөгөн-билинбеген апааттардын анабашы. Ушул илдет себеп болуп келип чыккан башка илдеттердин кандайча оожалып жаткандыгын көрүп эле турбайбызбы баарыбыз.

Ошентип, бул күндөрдө үкөлөрүм:

– Болгон ишти таразалап- талдап жаткан учурларыңарда жөн эле бир ТЭЦ бузулду деп ойлой көрбөгүлө, ал – КРП+КРЖК+КРӨ үчилтигинин көп жылдан берки кылган ишинин бүгүнкү натыйжасы. Канча миллион долларга реконструкция кылынган дейт, капырай? Мен ал сумманы оозум барып, тилим келип айта албайм. Кылганы иши реконструкция гана болсо! Бул кайсы бети жок, уятсыз, түгөнгүрдүн кылган иши болду экен?! Кышында берилүүчү жылуулук – жарандардын ден соолугу, өмүрү, өлкөнүн бар болушу. Бул жагы мынтип турса, калган жагы кандай болду деп, тармак-тармак боюнча таза, булганбаган көз менен текшерип чыксаңар да жаман болбос беле дейм.

– Ондогон, жүздөгөн электр түйүндөрү бузулуп жатса, ал жөн эле, аппараттардын иштен чыгышы же зымдардын үзүлүшү экен деп ойлой көрбөгүлө, үкөлөрүм. Аны, өз ишин билген, сүйгөн ПРОФЕССИОНАЛдардын жоктугунан азыркы мамлекеттик меxанизмдердин четинен иштен чыгып жатышы, анын күрөө тамырынан кан өтпөй баратышы деп билүү кажет.

– Ош базарында соода түйүнү өрттөнүп жатса, жөн эле, кимдир бирөөнүн катасынан улам, өрт чыгыптыр деп коё көрбөгүлө, ал – кыргыз адамынын көкүрөгүн көптөн бери каптап келе жаткан кызыл өрттүн сыртта көрүнгөн бир учкуну, кыпыны, үкөлөрүм.

– Ушул катаал күндөрдө КУУнун ректору, филология илимдеринин кандидаты, экс-министр К. Садыков ошол эле университеттин Конфуций институтунун директору, филология илимдеринин доктору, белгилүү тилчи, адабиятчы, педагог У. Култаеваны саясый шылтоо менен кызматтан алып, ошондон улам басылбаган чуручуу чыгып жатса, ага жөн эле, бир жетекчинин бирөөнү кызматтан бошоткону турбайбы деп, маани бербей салбагыла; аны өлкөбүздүн билим берүү тармагындагы ПРОФЕССИОНАЛИЗМди баалабоонун, ПРОФЕССИОНАЛдарды кодулоонун, аларды өз пайдасы үчүн саясаттын курмандыгы кылып жиберүүнүн айдан ачык өрнөгү деп билген туура.

– Мен бүгүн убактымды коротуп, илимий иштеримди токтотуп коюп, мупмуздак 105-сериядагы бетон үйдүн бир кичине бөлмөсүндө, үстүмө тонуму, башыма тебетейими кийип алып ушул саптарды жазып жатсам, “Аа, мээси айныган аксакал, бизге акыл үйрөтөт… сындап-пындап жатат… жамандап жатат”,  же башка бирдеме деп ойлобогула; бул сөздөр – менин адегенде өлкөмө, анан силерге болгон ийги ниетим, Чилдекан айым экөөбүз алпурушуп жатып, акыры анын табынан “күйүп, өрттөнүп” кеткендеги көкүрөктөн бүркүлүп чыккан көк түтүнүм; билсеңер – аруу тилегим, ыймандай сырымды ачык-айкын, жашырбай бөлүшкөнүм.

Билип турам, мен сыяктуу “төмөндөгү” кишинин айткан сөздөрүнүн силер сыяктуу “бийиктеги” кишилерге так-даана угулушу өтө кыйын. Непадам, угулуп калса, бул абышка эмнеге эле ПРОФЕССИОНАЛИЗМ эле ПРОФЕССИОНАЛИЗМ деп какшап жатат деп, бир саамга көңүл токтотуп койсоңор жаман болбойт.

Антпесеңер деле капа эмесмин. Анда мен, бар болгону: “Ай атаңгөрү, буларың да болбоду. Башыңар – баш, багалчагыңар – кара таш” дейм да, шору кайнаган кыргызга дагеле дурус башчылар келбептир деп түңүлүп, адатымча, өлкөдөн өлкө кыдырып, өз кесибиме ПРОФЕССИОНАЛдарча мамиле кылуунун жемишин мол-мол терип, өмүр канча болсо ошончо, кара жанды карч уруп иштеп да, ыгы келген жерде шапар тээп да жүрө берем. Баарыңардан жакшы, тынч, бейкут жана көп жашайм. Артыма баарыңардан жакшыраак, тазараак, айкыныраак, түбөлүктүү из калтырам. Бул жагын да ачык айтып коёюн.

Бир гана, кыйроонун так кырына келип турган Кыргызстандын тагдыры түшкө кирип түйшөлтөр, тынч уктатпас. Такыр эле колдон түшүп барар болсо, “кара каптын кагынчыгын карап көрүп”, кара башты канжыгага байлап коюп, Чалбуурага ыргып минип, саясат майданын да ары тепчип, бери тепчип өтөрмүн. Албетте, арга кетип, амал такыр түгөнсө, үч үкөм тең мурдагылар салып кеткен шайтан жолго түшүп алып, андан такыр чыкпаса, анан ошентем.

Тарыxтын эң чечүүчү жеринде турасыңар, үкөлөрүм, ич ара ЫНТЫМАК болуп, анан ПРОФЕССИОНАЛИЗМди колдосоңор эле, баары өзүнөн-өзү чечилерине ишенем. Кыргызстанда бардык маселенин ачкычы кесипкөйлүктө – ПРОФЕССИОНАЛИЗМде! Кыргызстандын андан башка өксүгү жок, ал – төрт тарабы төп келип турган, кыздын баласындай тыкан жана сулуу өлкө. Аны кедээрине кетирип жаткандар ошол эле ПРОФЕССИОНАЛ эместер. Алардан ууру да чыгат, коррупционер да чыгат, жанкечти да чыгат, контрабандист да чыгат, он сөзүнүн тогуз жарымы калп саясатчы да чыгат, диплому бар, илимден кабары жок окумуштуу да чыгат; кыскасы, өлкөгө зыян келтирчү шайтандардын баары чыгат. Жараткан кыргыз элин сактар болсо, эң алдын, дал ушул ПРОФЕССИОНАЛ эместерден сактасын!

Суука тоңуп, үстүнөн тону, башынан тебетейи түшпөй отурган кишинин сөзү ушинтип соңуна чыкты. Анча-мынча кычырап, кылч-кылч эткен жерлери болсо, аларды менден эмес, чакыртпай келип төрүмө дырдай жылаңач бойдон жайылып жатып алган, качан туруп кетерин алигиче айтпаган, анысы аз келгенсип, ичи-койнума биротоло кирип алып, түнү бою мени менен чымчыкей ойногусу келип турган, ушул катымды дурустап токуй албай машакаттанып жатсам, “андай жаз, мындай жаз” деп, улам өзүндөй суук сөздөр жакка бура тартып, аялыман бетер демитип турган Чилдекан айымдан көргүлө, үкөлөрүм. Бу Чилдекан дегениң накта наxалка экен. Айып менде эмес, мен – ПРОФЕССИОНАЛмын, түзмүн! Айып ушул Чилдекан айымда. Чилдекан айымды жетелеп келип, менин үйүмө киргизип жиберген ПРОФЕССИОНАЛ эместерде. Эми, ал мени жылтыңдап-мылтыңдап жатып, айла-амал менен Донецкий көчөсүн көздөй азгырып кете электе, бул мупмуздак шуркуяны үйүмдөн чыгарып кете турган бир ПРОФЕССИОНАЛ таба койсоңор, ал ТЭЦти оңдоп жиберсе, абдан эле бактылуу болот элем. Бар болгула!

Терең урмат менен, Сулайман Кайыпов, Кыргыз Республикасынын Илим жана теxника жагынан Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Эл аралык Сократ сыйлыгынын лауреаты, Европа Ректорлор Клубунун мүчөсү, филология илимдеринин кандидаты, тарыx илимдеринин доктору, профессор

Булак: Жаңы Ордо

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 + = 45

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: