Menu

Турат Акимов, саясат талдоочу: “Бир мандаттуу шайлоо эрежесин талап кылып, митинг өткөрбөсөк болбой калды!”

Бөлүшүү:

-Турат ага, Орусиянын шайлоосундагы бир мандаттуулук тууралуу айтып чыктыңыз?

– Москванын шаардык кеңешиндеги (Гордума) шайлоосунда 45 депутаты, мажоритардык 1 мандаттуу эрежеде шайланды. Кыскасы, Орусияда мындан ары партиянын атынан шайланыш, бийлик бутагына жетиш өтө татаал болуп калды. Тактап айтканда, Путин жетектеген «Единая Россия» бийлик партиясы бир депутатты да өз атынан чыгара албады. Өткөн 2018-жылы президенттик шайлоодо Путин өзү дагы бир мандаттуу талапкер катары чыккан. Анткени, партиялык система орус элинин ишеничинен толук кетти.

– Орусиядагы бул система менен биздикин салыштырып кандай анализ десек болот?

– 2010-жылкы Текебаев таңуулаган Конституция негизинде куралган партсистема кыргыз мамлекетин толук кризиске алып келди. Буга бүт кыргыз эли күбө, анткени олуттуу өнүгүү жок, эптеп-септеп кылдырамайга кептелдик. Жалпы экономикалык көрсөткүчтөр он жылдын ичинде бир топ төмөндөп, казынага ырыстуу акча түшпөй калды. Буга «түкүрүк» сыяктуу, жолдордогу карапайым калктын канын ичкен айын пулдар далил.

– Сиз кандай жаңы жолду айткыңыз келип турат?

-Тез арада бийлик шайлоо кодексине мажоритардык бир мандаттуу эрежени кошумча  киргизиш керек. Анткени эл мыйзам өзгөртүү укугун президентке, парламентке жана өкмөткө берген. Бул бийлик бутактары элдин атынан иш жүргүзөт, мыйзам чыгарат жана элдин талап-мүдөөсүн аткарыш керек. Бирок төбөлдөр элдин чала сабаттыгынан жана кошомат, караңгылыгынан коомдон кол үзүп кеткен. «Чала Кудай» болуп, булар өз бийлигин эч кыскартпайт. Ошондуктан эл катуу талап коюшу керек. Антпесе, бийлик түзүмү, сөөгү, табияты дегеле өзгөрбөйт. Бир мандаттуу шайлоо эрежесин талап кылып, митинг өткөрбөсөк болбой калды!

Жамиля Нурманбетова

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 − 11 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: