Menu

Рита Карасартова, коомдук ишмер: “Мен адилетсиздикке каршы күрөшкөн адаммын. Президенттикке аттандым”

Бөлүшүү:

-Сиз президент Сооронбай Жээнбековду ачык айтып, ага ишеним артып, алдыга сүрөгөнүн “мыйзамды бузду” деп БШКга арыз менен кайрылганы жатыпсыз. Бирок, БШКнын айрым мүчөлөрү сиздин арыз жете электе эле президенттин мыйзам бузбаганын айтып чыкты го?

– Негизи БШК менин арызым жеткенче эле реакция кылып, өз пикирлерин билдиргени туура. Кандай пикир билдирди – ал экинчи маселе. Мен адилетсиздикке каршы күрөшкөн адаммын. Ошондуктан, президенттин одоно катачылыкка жол бергенин айтып, БШКга кайрылып жатам. Шайлоо алдында президент антип эч бир талапкерге жан тартып сүйлөбөшү керек. Президент калыс болуп, баарын жогору жактан карап турушу керек. Мен арызды эртең алып барам.

– Анткениңиз менен президент Москвадан келер замат Сооронбай Жээнбековду колдоорун ачык айтып чыкты. Мындан улам Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги Кремль менен макулдашылдыбы деген суроо жаралып жатат. Ишенсек болобу?

– Ишенсе болот, бирок бул маанилүү эмес. Себеби, биздин президентти башка өлкөнүн бийлиги бекитпейт. Ошон үчүн “Сооронбай Жээнбековду Кремль сүрөп жатат”- деген күндө дагы Кыргызстанга ким президент болоорун кыргыз эли чечет.

– “Президенттик шайлоого катышам” деген ойдо эле турасызбы же пикириңиз өзгөрдүбү?

– Буюрса, бүгүн БШКга арызымды таштайм. (маек кечээ, 27-июнда алынган – ред.). Өзүмдү элдин элегине салып көрөйүн деген оюмдан кайта элекмин. Буюрса шайлоого аттанам. Бул чечимди жалгыз мен кабыл алган жокмун. Анткени, мени шайлоого катыш деп сүрөп, колдогондор көп болду. Ошолордун пикирин сыйлап, шайлоого аттанып жатам. Адилеттик, акыйкаттык үчүн күрөштү улантам.

– Сизге президенттик шайлоого катышуу үчүн көрсөтүлгөн бир миллион сом күрөөнү табыш кыйынчылык жараткан жокпу?

– Каражат маселеси татаал болгону менен аны чечсе болот. Буюрса, элге кайрылам. Кандай болгон күндө дагы мен жоопкерчилик алганга даярмын…

– Президенттик шайлоодо сизди элдин кайсыл катмары колдойт деп ишенип турасыз?

– Айымдар, жаштар жана соттун адилетсиздигинен жабыркаган адамдар, адилеттик, калыстыкты туу тукандар колдойт деген ишенимдемин.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − 89 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: