Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча айылында 26 жаштагы кыздын өлтүрүлүшү фактысы боюнча кылмыш иши Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Эскерте кетсек, 26-сентябрь күнү саат 02:50 чамасында Төмөнкү Ала-Арча айылындагы үйлөрдүн бирине кирип, беткап кийген эки белгисиз адам 62 жаштагы Т.Ж жана анын 26 жаштагы кызы Т. А.ны бычак менен жарадар кылган. Андан кийин алар белгисиз тарапка качып кетишкен. Алган жараатынан улам кыз каза болуп, эркек киши Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине жеткирилген.
Бул кылмыштын бетин ачуу жана шектүүлөрдү кармоо үчүн ИИМдин, Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын жана Аламүдүн РИИБнин тажрыйбалуу кызматкерлеринин ичинен тергөө-ыкчам тобу түзүлдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ