Menu

Чыныбай Акунович көп нерсенин башын чыгарып кетти

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков тездик менен кызматын өз каалоосу менен тапшырып кеткени саясатта көп нерсе боло турганын, бирөөгө жакпай калсаң бат эле кызматтан кетип кала турганыңды ырастап койду. Чыныбай мырза өз эрким менен кетип жатам дегени менен көп оюндун арты менен кетүүгө аргасыз болгонун акыркы сөзү далилдеди. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов “Чыныбай Акуновичке кызматтан кетесиң деген кысым болгон жок” деп канчалык күйпөлөктөсө да, бул оюн эбак ойлонулганы баарына маалым. Чыкең шайлоо алдында партиядан эки адам талапкер болсо чыныгы демократиянын белгиси деп акыр-аягына чейин өзүнүн талапкерлигин көрсөткөнгө аракет кылганы шефке жакпай турган иш экени партия курултайында айтылган. Ким партиянын чечимин сыйлабаса партияда орун жок деп ошондо эле Чыкени жектеп башташкан. Ушул – Турсунбековдун спикер болуп тынч олтуруусуна кедергисин тийгизген негизги фактор болду. Кийинкиси – шайлоо учурунда парламенттин төрагасы катары калыс турганы, бийликтин ырын ырдабаганы кимдир бирөөлөргө жакпады. Үчүнчүсү, Атамбаев менен Текебаев тиреши апогейине жеткен кезде “Менин саясатта эки устатым бар. Бири Атамбаев, Экинчиси-Текебаев” деп президенттин каршылашын устат деп атаганы. Мына ушул үч көрүнүш спикерлик тактан Турсунбековду алып тынды. Чыныбай да жөн кетпей, өз сөзүндө көп нерсеге жем таштап кетти. Анын депутаттарга кайрылып “Баарыңыздарга калыс мамиле кылып, ички бөлүнүүчүлүккө жол берген жокмун. Балким бул позициям кээ бирөөнө жакса, кээ бирөөнө жакпашы мүмкүн. Бирок, демократияны жактаган инсан катары мыйзамды сактоо башкы максатым болду. Айрыкча, саясий кырдаалдарга ылайык эч бир депутатка, эч бир аппарат кызматкерине мыйзамдан тыш тапшырмалар берилген жок” деген сөзү да кимдир бирөөгө жакпай калганын ырастагансыды.  Аргасыздан кызматын тапшырып жатканына “Көпчүлүк кесиптештерим колдоого алып, кызматымды уланта берүүмдү өтүнүшкөндүгүнө ыраазычылык билдирүү мен  кызматымды тапшырып жатам. Бирок менен саясий ишмердүүлүгүмдү улантып, парламентте депутат катары иштей берем” дегени далил болду окшойт. Саясий ишмердүүлүгүмдү уланта берем дегендин артында дагы көп нерсе жаткандай. Тынчтык жолу менен кызматтан кетип жатканын айтып “Мен бийликти тынчтык жол менен өткөрүп берүү адаты башка бийлик бутактарында да болушу керек деген ойдомун. Эч кандай коомдук чыңалууну пайда кылуунун кереги жок. Кырдаалга жараша кызматты өткөрүп берүүнү салтка айлантуубуз шарт” деген сөзү да күтүлбөгөндүк болду. Чыныбай Акунович парламентте кызматыңды тапшыр деген күч болбосо, кайсыл кырдаалга жараша кызматын таштап кетип жатат? Эч кандай коомдук чыңалууну пайда кылуунун кереги жок деп эмнени айткысы келди? Чыке президенттик шайлоого катышам деп катуу шымаланып киришкенде, жогор жак “Эгер өз алдыңча аттанам десең, сага карата Азимбек Бекназаров айтып жүргөн иштер боюнча кылмыш иштер козголот” деп айтыптыр деген сөздөрдүн чындыгы барбы? Турсунбеков ошондой коркутуулардан кийин кызматын өз эрки менен тапшырып кеткен жокпу?

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: