Menu

Бөдөш Мамырова, экс-депутат: «Карамушканын атын атагым да келбейт, аны оозуна алы жетпеген бирөө катары такыр өчүрүп таштагам»

Бөлүшүү:

 

— Бөдөш Аманбаевна, бүгүнкү күндө Садыр Жапаровдун камалышы чоң талкуу болуп жатат. Сиз Садыр Жапаровдун камалышын мыйзамдуу деп эсептейсизби? Балдардын сабалышына кандай көз караштасыз?

— Садыр Жапаров ушунча жылдан бери чет өлкөдө жүрүп, акыркы убактарда интернет аркылуу Кыргызстанга келээрин байма-бай айтып, кандай максатта, кайсы жолдор менен келээрин ачык эле билдирди. Эгерде Садыр Жапаров чын эле күнөөлүү болуп, бир нерседен шектенсе же болбосо бийлик ушундай кабыл алып, чектен чыккан ыкмалар менен тосуп алаарын билсе балким келбей эле коёт беле, же болбосо бийлик тараптагылардын айткандары чын болсо, из жашырып келип, тымызын иш жүргүзмөк да. Ошол эле учурда Садыр Жапаровдун күнөөсү бар, кылмышка шектүү катары издеп жатабыз деген негизде күч органдары тарабынан эч кандай деле маалымат болгон жок го. Садыр жаап-жашырбай эле мекенине үй-бүлөсүнө келди, өзү айткандай эли-журту менен учурашып, андан кийин УКМкага өзүм барам, күнөөм болсо мыйзам алдында жооп берүүгө даярмын деп ачык айтты. Ушул жааттан алганда анын камалышы мыйзамга туура келбей, аша чапкандык болуп калды. Чын эле күнөөлүү болсо Кыргызстанга келди, күнөөсүн тактап, тергөөнүн жүрүшүнө зыян болуп калбасын дешсе, эч жакка кетпөө жөнүндө эскертүү (подписка о невыезда) берип койсо болмок. Эми ар бийлик ар кандай өзүнүн өзгөчөлөнгөн ыкмалары менен тарыхта калгысы келет окшойт. Бүгүнкүлөр эмнегедир келе жатканда жолунан тосуп алып камаганды адатка айлантып алышты, аягы кандай болоор экен. Садырга чейин беш жыл шилекей алышып биринин оозун бири аарчып жүргөн Текебаевди качып кете тургансып самолёттон түшүрбөй траптан кармап кетти. Негизи акылмандар айтчу сапарда жүргөн, сапардан кайткан адамга кыянатчылык кылган чоң күнөө, Жолоочунун жолуна зыян кылганды Жараткан жактырбайт деп чоң атам ар кандай уламыштарды көп айтаар эле. Нарк-насилди, адамдардагы ыйык касиетти таптакыр унутуп, баалуулуктарыбызды байлык-бийлик, мансапка алмаштырып баратабыз. Мындай нерсени бийликтен күтсө деле болмок. Анткени «мурункунун мазасын, кийинки берсин сазайын» — ​болуп мурункусунан кийинкиси ашып түшүп атат. Мен Садыр келген маалда айылда элем, маалыматты телевидение аркылуу уктум, айылда интернет жок да, кийин жанагинтип балдарын чырылдатып сабаганын, аялдарды сүдүрөп жүргөндөрүн көрүп жүрөгүм абдан ооруду. Үч баласынын бети башын көгала кылып сабап салыптыр. Бала баарыбызда эле бар, ата-эне үчүн ар кандай нерсеге барганга даяр, ошон үчүн бала да. Ушунчалык айосуздукка барган милициялар биздин эле жарандарбы мен ишене албай турам, жалданып келгендер эмеспи, же жүрөктөрү ушунчалык таш болуп калганбы деп. Мамлекет башчыбыз массалык маалымат каражаттарына “силер мен жөнүндө бир жактуу маалымат таратып жүрүп энемдин өлүмүнө себепкер болдуңар. Көп өтпөй агамдын өлүмүнө да силердин туура эмес маалыматыңар себепкер, мына жарым жылдан бери түбөлүк жубайым ооруп атат”- деп абдан нааразы болду эле. Ошол эле Садыр Жапаровдун дагы атасы-энеси, өмүрлүк жубайы, балдары бар. Алардын да жүрөгү, жан дүйнөсү жанчылып көңүлдөрү ооруду да. Президент айтып маалымат каражаттарын сынга алып жатканда, абдан кунт коюп уктум эле. Саясатта далай кыйынчылыктарды баштан кечирип, бийлик менен түздөн-түз тирешип, ачык күрөштө жүрүп, анча-мынча нерсеге көңүл бурбай калганың менен, үй-бүлөңдүн жүрөгүнө жакын кабыл алып, кыйналганы бийликке жеткен экен деп. Балдарын жанагинтип сабап жатканын көргөн Садырдын аялы кандай абалда калды экен? Ажо айткандай ал ооруп калса ким күнөөнү мойнуна алат? Атасын тосуп алалы деп барган балдарды 3–4 милиция баса калып тепкилеп кеткени эмне деген шумдук? Менин ушуга абдан жүрөгүм ооруду. Өз элин кордоп, өз балдарын сабаган кыргыз бийлигине өнөкөт оору сыяктуу болуп калдыбы деп ойлоп абдан бушайман болуп жатам. Тынч кетип жаткан элге ок чыгарам деп, Аксы окуясында эмне болду эле? Биз канчалык Акаевди эгемен элдин биринчи келген президенти катары, кийинкилерге салыштырмалуу кетирген каталары, көп нерселери унутулат деген менен, Аксы окуясы, өз элине ок аткан деп тарыхта кашкайып, кара тамга менен жазылып турат да. Ошол окуя да андан кийинки апрель окуясы да сабак болбоду. Экөө тең өзүн-өзү коргоп алышат, канчалык деңгээлде күнөөсү бар аны соттор аныктаар, бирок мен С. Жапаровдун дагы, Ѳ. Текебаевдин дагы, балдарын, жакындарын дегеле үй-бүлөсүн абдан аяп жүрөгүм ооруп турат.

— Өмүрбек Текебаевдин кичи мекени болгон Базар-Коргонго барып анын тарапташтары менен жолугуп келди деп угуп калдык. Кандай жолугушуу болду?

— Мен шашылыш иштер менен Ошко бараттым эле, Базар-Коргонго жеткенче кеч болуп калды. Чындыгында күндүзү өтүп баратсам, жолдо жыйналган эл турса, кайрылбай өтпөйт болчумун. Сөзсүз кайрылмакмын эл менен амандашып, аткара албасам да талаптарын угуп дегендей. Анткени көп мезгилден бери саясатта жүрөм, андан дагы менин үй-бүлөөлүк тагдырым ошол жакка байланган. Мундуздарга коңшу айылга Бешик-Жонго келинмин, бала- чакалуу болуп, агарып-көгөргөн жер. Ошондуктан аксакалдар, аялдар, улуу-кичүүлөр жол боюнда отурса, кыя өтө алмак эмесмин. Элге сабырдуулукту, мыйзамдуулукту, акыйкаттыгын күтүп тургула, Текебаев да жөн-жай адам эмес, белгилүү саясатчы, эмгек сиңирген юрист, өзүнүн актыгын, тактыгын мыйзам чегинде коргоп алганга кудурети жетет. Мыйзам бузбай, мамлекеттик мүлктөргө зыян келтирбей, талабыңарды коюп тургула деп айтканга милдеттүүмүн деп эсептегем. Бирок эл менен жолуга албадым, кечирээк өтүп калдым жол жээгинде боз үй тигилип турат. Кечээ күнү Жогорку Сотто баш коргоо чарасын карап мурунку чечимин күчүндө калтырыптыр, ушундай эле көрүнүш болмок.

— Карамушкина Санкт-Петергбургда өткөн парламенттер аралык ассамблеясында капыстан эле ортодон чыга калып кыргыз парламенти мени кордоп жатат деп арызданды. Сиз Карамушкина менен 5 жыл бир парламентте олтурдуңуз. Ошол убакта бөлүнүүнү деле байкаган жок элек, же бар беле?

— Эгерде Карамушкина “мен өгөйлөнүп жатам, жалгыз орус тили учун күрөшүп өлөйүн деп калдым, ушундай куугунтукта калдым” — ​десе Кудай бар. Кудай бирөө, динибиз башка болгону менен, жазасын дагы, мээримин дагы бирдей төгөт. Карамушкинанын атын атагым да келбейт, аны оозуна алы жетпеген бирөө катары такыр өчүрүп таштагам. Бирок минтип Парламенттин деңгээлинде ар кайсыны сүйлөп, элдин кыжырын кайнатып жатканы менен, аны мамлекеттин деңгээлинде тыймак турсун, эскертүү берип да койбойт. Азыр албетте коомчулуктун көзөмөлүндө болуп, ар кандай сын-пикирлер айтылып жатат, коомчулук тарабынан эле жазасын албаса жетекчилик тарабынан Карамушкинага эч кандай чара көрүлбөйт. Сөз эркиндиги деген митингге чыктың деп Жанар Акаевди чагылгандай тездик менен саясый кеңеште карап, СДПКнын катарынан чыгарып салышты, эми мандатын тапшыртат болуш керек. Жанар дагы жаштык, курчтугуна салып, анча-мынчаны айырмалап биле албай жатат. 5-чакырылышта Демократиялык институттун программасы менен депутат аялдар Прибалтикага барган, калпакты көтөрө барышып, тосуп алган адамга сыйлап кийгизип атса “бул калпак менен мончого барса болот”- деп дөөрүптүр, депутат айымдар айтып келип, чырылдап ызы-чуу болгонбуз. Бирок Карамушкинанын кылы кыйшайган эмес, айдоочусу жол жээгинде жөн жай эле турган бир байкуш жүргүнчүнү коюп кетип өлтүрүп, качып кеткен жеринен табылып, ар кандай уу-дуу кептер айтылып, “Кимди-ким көрдү, Быржыбайды там басты”-болуп жымжырт болгон. Азыр деле чара көрмөк турсун чакырып алып “эмне үчүн ушинтип айттың ”- деп сураган бирөө болбойт. Мунун сыры эмнеде экени эртеби-кечпи айкын болот бирок бул бийликте бул аялдын алдынан эч ким кыя өтө албайт.

— Кыргызстан сөз эркидигин урматтаган өлкө деп айтканыбыз менен маселе жаралса эле бийлик журналисттерди күнөөлөп чыга калат. Ушул көрүнүшкө сиз кандай көз караштасыз?

— Сөз эркиндигине келгенде дароо коңшу мамлекеттерди көтөрө чалып эле салыштыра калабыз. Экономиканы, дегеле жашоо тиричиликти, мамлекеттик өнүгүү жолубузду эмнеге салыштырбайбыз? Биз дайыма аркада калгандарга салыштырып көнгөнбүз. Европа мамлекеттеринде айрыкча Германияда журналисттерди эбегейсиз айыпка жыгып, алтургай жоопко тартканга чейин барып оозун ачтырбайт деп эле сайрап атышат. Айрыкча бийликчил маалымат каражаттары. Жок андай эмес, болгонун болгондой эле айтуу керек, эгерде көтөргөн маселең, жазган макалаң фактылар менен далилденбей калса, жеке адамдын аброюна негизсиз шек келтирип, үй-бүлөсүн жөнү жок мазактасаң, албетте жооп бересиң, аны баарыбыз эле байкап атпайлыбы. Бирок маалымат каражаттары Европада да, Америкада да бийликтин музыкасына бийлеп, тапшырма аткарбайт, бирөөбү, бешөөбү, көпчүлүкпү, коомчулуктун көйгөйүн көтөрүп, бийликке акаарат айтканын көрүп эле жүрбөйлүбү. Ал үчүн эч ким куугунтукталбайт, келгиле анда айткан сөзүбүз үчүн мыйзам алдында баарыбыз жооп берели. Мына Америкада президенттин кылык-жоруктарын мамлекеттин деңгээлинде эмес деп ачык эле сындап атышат, ал үчүн СNNди жаап салган жок да. Сөз эркиндиги десе эле көрүнгөн жерде көрүнгөндү сүйлөгөн да болбойт. Сөздү жалгыз эле журналисттер эле эмес баарыбыз урматтап сөз баркын, жоопкерчилигин сезе билип, айтылчу, айтылбачу сөздүн ордун аныктап, кимге кандай сөз айтылаарын айрып билиш керек.Башкы көч кайда кетсе аягы ошол жакта болот болуп, сөз баркы, адам аброю бааланбай баратат. Эмне үчүн биз сөз эркиндигин көтөрүп кете албай жатабыз. Айрым журналисттердин деңгээли дагы сөз эркиндигине жооп бере албай жатат, кечирип койгула. Сөзүм куру болбосун буйуртма макалалар басымдуу болуп жатат. Маалымат каражаттары гезиттен баштап, телевидение-радиого чейин финансылык көз карандылыкта, эркиндиги кожоюндун укуругунун учунда. Аналитикалык ой жүгүртүү, фактылар менен кара тилди как жарган, макала жазган журналисттер, аналитиктер саналуу. «Кайчы кармагандын баары эле уз эмес»- дегендей, калем кармагандын баары эле журналист эмес экен да. Азыр макала жазуу кирешелүү болуп калган окшойт. Эркин гезит, сайт дегендер көп, ошого жараша акы төлөнгөн буйуртма макалалар дагы көп, ошолордун эсебинен кармалып турат. Журналист абдан ардактуу кесип. Журналист сөз баккан, сөздүн маанисин билген, ар бир сөзүнө маани берген, кыш кынагандай сөз кынаган, өзгөчө кесип. Гезиттер эки жаат болуп алып эмнелерди гана жазып жатышат аны өзүңөр деле билесиңер. Бир гезитке генералдын башын иттин башына улап ит жетелегендей кылып жетелетип коюп тумшугу түздөлүп аны кайра өздөрү айгай салып чыкты эле эмне болуп басылды? Гезиттин аброю, редактордун ар-намысы кайда калды. Ушундайлардын айынан баарыңар азап чегип жатасыңар. Сөз эркиндигин биринчи кезекте журналисттер өзүңөр бааласаңар жакшы болмок.

— Убагында морадёрлук боюнча депутаттык комиссия түзүлдү эле, Текебаевди отургузгандан кийин кайра көтөрүлүп жатат. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?

— Морадёрлук боюнча депутаттык комиссия түзүлүп талаш-тартыш болуп, көпкө чейин бир пикирге келе албай акыры жыйынтыгын алып чыгышкан. Депутаттык комиссиянын жетекчиси Курманбек Осмонов Жогорку Кеңешке отчёт бергенде менин эсимде бар, морадёрчулукка түздөн-түз жана кыйыр түрдө катышы бар деп эки термин менен айткан. Ошол түздөн-түз катышы бар дегенде Райкан акенин аты айтылган, ал эми кыйыр түрдө катышы бар деп ошол кездеги “Ата-Мекендин” эки лидеринин аты аталган. Өзүңөр билгендей Жогорку Кенеш укуктук баа бергидей көзөмөл орган эмес. Комиссиянын корутундусун тиешелүү органдарга берген болуш керек. Бирок эч кандай чара көрүлгөн эмес. Прокуратура ордунда эле иштеп аткан, УКМК, ИИМ деле толук кандуу иш үстүндө болчу изилдеп тактап жыйынтык чыгарганга. Убагында баары жайында, талап-тоноочулук болгон эмес деп унчукпай жаап коюп, күтүп отуруп анан эми кайра көтөрүп чыгып атканы эмнеге негизделип атат. Көрө жатаарбыз тергөөнүн жыйынтыгынан. Эгерде талап-тоноочулук толук далилденип, тийешеси барлар тийешелүү жазасын ала турган болсо, ошол мезгилде жаап-жашырып койгон башкы прокуратурада, УКМКда, ИИМде кимдер кызыктар болуп ишти жапканга буйрук бергендер жазасын алуу керек.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: