Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Батышка каарын төгүп, Европа биримдигине кирүү боюнча билдирме кайра карала турганын жарыялады. Эрдоган “Европа түрк элине каршы жасаган иштери үчүн жооп берет” деп билдирди.
Эрдоган 9-апрелде Измирде сөз сүйлөп жатып, Европа темасына Түркияда референдум өткөндөн кийин кайра кайтып келерин айтты. Түрк президенти Европаны “оорулуу киши” деп атады. Бул терминди 19-кылымда европалык саясатчылар кыйрап бара жаткан Осмон империясына карата колдонушкан.
Эрдоган – консервативдүү Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясынын негиздөөчүсү. Ал 2003-жылдан тарта 2014-жылга чейин премьер-министр болгон. Андан соң мамлекет башчылыгына шайланган. Ал президенттик башкарууну жактайт. Бул маселе 16-апрелде боло турган референдумга чыгат. Эгер сунуш колдоо тапса, өлкө башчыга көбүрөөк ыйгарым укуктар берилет.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ