Ишкер А.Саймаитинин ысымы Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондогон долларларга тиешси бар тергөө ишинде айтылып жүргөн. Бул тууралуу 11-ноябрда Hürriyet түрк басылмасы билдирди.
10-ноябрда Ыстамбулдун Фатих районунда жайгашкан мейманканалардын биринен белгисиз бирөө ишкерди атып кеткен. Ал орууканага жетпей көз жумган. Түрк прокуратурасы тергөө амалдарын жүргүзүүдө.
“Азатттыктын” журналисттик иликтөөсүндө 2011-2017-жылдары ар кайсыл банктар аркылуу Кыргызстандан 700 млн доллар чамасында акча чыгарылганы айтылат. Долларлар Гонконгдон АКШга чейин которулуп турган. Анда Айэркен Саймаити менен “Абдыраз” ЖЧКсынын эсеби аркылуу 250 млн доллар чыгарылганы айтылган.
Экономикалык кылмыштарга каршы мамкызмат тарабынан июлда 2011-2019-жылдары Айэркен Саймаити деген жаран, жеке ишкер Вуфули Бумаилиаму жана “Абдыраз” ЖЧКсы өз эсептери аркылуу Кыргызстандан чет өлкөлөргө 646 млн 879 миң доллар чыгарып кеткени тастыкталган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ