Menu

Франция соту Азербайжандын журналисттерге каршы жазган арызын кароодон баш тартты

Бөлүшүү:

Франция соту Азербайжан өкмөтүнүн France Télévisions телеканалына жана журналисттер Элиз Люсе менен Лоран Ришарга каршы жазган арызын кароодон баш тартты. Бул чет мамлекеттин бийлиги журналисттерге каршы доо арыз менен француз сотуна кайрылган алгачкы учур болуп калды.

Баку журналисттерди Франциянын мурдагы президенти Франсуа Олланддын Азербайжанга болгон сапары тууралуу эки жыл мурдагы репортажында айткандары үчүн айыптоодо. Алар теле жана радиоканалдын эфиринде Азербайжандагы режимди «диктатура», ал эми Ильхам Алиевди «деспот» деп аташкан.

Соттун чечиминде ММК эркиндиги тууралуу мыйзам боюнча мамлекет жаранды же журналистти жалган жалаа жабууга айыптап сотко берүү укугуна ээ эмес экендиги белгиленген.

«Чек арасыз кабарчылар» уюмунун 2017-жыл үчүн чыгарган сөз эркиндиги индексинде Азербайжан 180 өлкөнүн ичинен 162-орунга жайгашкан. Укук коргоочулар өлкөдө журналисттердин ишмердүүлүгү кыйла чектелгенин билдирип келишет. Өз кезегинде Баку цензура тууралуу айыптарды бир канча жолу четке каккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 − 65 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: