Menu

Фракция лидерлери Кытай компартия өкүлдөрү менен жолугушту

Бөлүшүү:

Бүгүн, 8-ноябрда Жогорку Кеңештин парламенттик фракцияларынын лидерлери Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Коммунисттик партиясынын (КП) Борбордук комитетинин (БК) Эл аралык иштер боюнча бөлүмүнүн башчысынын орун басары Шэнь Бэйли менен жолугушту. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов бул жолугушуу Кыргызстан менен Кытайдын дипломатиялык мамилелеринин 25 жылдыгына туура келгендигин айтып, бүгүнкү күндө эки өлкө ортосунда кызматташуу динамикалуу түрдө өнүгүп баратканын, эки мамлекет ортосунда эч кандай ача пикирлер жоктугун белгиледи. Ошону менен катар Иса Өмүркулов Кыргызстанда жакында эле олуттуу саясый иш-чара – Президенттик шайлоо болуп өткөндүгүн, ага бир топ эл аралык байкоочулар жогору баасын бергендигин кошумчалады.

Ал эми сөз кезегин алган КЭР КП БК Эл аралык иштер боюнча бөлүм башчысынын орун басары Шэнь Бэйли айым Кыргыз Республикасындагы Президенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, Кытай компартиясы менен Жогорку Кеңеш, саясый партиялар өз ара түшүнүшүү принциптеринин негизинде тыгыз кызматташып келе жаткандыгын айтты. Ошондой эле социалдык, экономикалык, гуманитардык тармактарда жигердүү кызматташуу болуп келгендигине токтолуп, 25 жыл ичиндеги эки мамлекет башчылары тарабынан жетишилген келишимдерди жүзөгө ашыруу керектигин билдирди. Анын айтуусунда, эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууга саясый партиялар өзгөчө ролду ойнойт. Мындан сырткары, ал жакында саясый партиялардын ортосунда кызматташуу багытында эл аралык форум өткөрүлө тургандыгын маалымдады.

Иса Өмүркулов ири жана локалдык көйгөйлөрдү чечүүдө мындай эл аралык деңгээлдеги иш-чара өткөрүү зор мааниге ээ экенин белгиледи. Ал жогорудагыдай форум, диалог сындуу иш-чараларда экстремизм жана терроризм сыяктуу көйгөйлүү маселелер ийне-жибине чейин талкууланышы керектигин кошумчалады.

Белгилей кетсек, жолугушууга “Республика – Ата Журт” фракциясынын жетекчисинин орун басары Талант Мамытов, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Зиядин Жамалдинов катышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − 10 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: