Menu

Видео-Өзбекстанда газ куюучу станцияда өрт чыгып, үч автоунаа күйүп кетти

Бөлүшүү:

Өзбекстандын Бухара облусунун Паноб районундагы газ куюучу станцияда өрт чыгып, үч жеңил унаа күйүп кетти.

Өзбекстандын Өрт коопсуздугу мамлекеттик кызматынын маалыматына караганда, 1-декабрда «Делта Автогаз» ишканасына таандык газ куюучу станцияда техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам газ сызылып чыгып, өрт чыккан.

Жыйынтыгында үч жеңил унаа, ошондой эле газ толтуруучу компрессордук станциянын беш колонкасы өрттөнүп кеткен. Жалынды өчүрүүгө 5 өрт өчүрүү бригадасы катышты.

Өрттөн жабыркагандар жок. Учурда келтирилген материалдык чыгымдын өлчөмү аныкталууда.

https://youtu.be/CwWSfD9DQRw

Булак: “Борбор Азия жанылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 + = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: