Menu

Накта “оюнчу” энергохолдингге жетекчи болду

Бөлүшүү:

Ар дайым Жогорку Кеңештин жыйынында «Улуттук энергохолдинг» ишканасынын башчысы Азамат Абдыкадыровду сынга кабылып, начар иш алып барып жатканы боюнча жеме жеп жүргөн. Ошол эле маалда эл өкүлдөрү Улуттук энергохолдингдин кереги жоктугун, жоюп салыш керектигин айтышып күпүлдөштү эле. Көрсө иттин өлүгү бул жакта көмүлгөн экен да. Эмнеге эле жоюш керек деп элирип калды десе, кесиптеши Айтмамат Назаровду жетекчи кыла алышпай жатышкан тура. Айтмамат Назаров тууралуу эмне белгилүү? Энергетика тармагында түшүнүгү барбы? Аны сурап койгон же териштирген киши жок. Назаров тууралуу кызыктар: 2019-жылы февраль айында комитет жыйынында кесиптеши Салайдин Авазов экөө телефон ойноп жатып, фракция лидери Баатырбековдон тил угушкан. Анда да жыйын баштала элек деп мойнуна албаганга аракет кылган. Бирок, журналисттер видеого тартып алганынан унчукпай калган. 2018-жылы
бизнес омбудсмен кызматын киргизиш керек деп Американы ачкандай жар салган. Кыскасы, энергетикага эч кандай жакындыгы жок. Комитетте, жогорку шептин үкөсүнөн көзүн албаган Назаров, ушинтип “сыйкыр таяк” менен “май-талканга” келди. “Ончу” неме, эмне оюндарды көрсөтөөр экен?

Булак: «Факты.kg»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − 76 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: