Бүгүн, 7-майга карата Кыргызстанда дагы 24 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Жаңы учурлар: Бишкек шаарында – 2, Чүй облусу – 4, Ош облусу – 3, Жалал-Абад облусу – 3, Нарын облусу – 12 катталган.
Муну менен өлкөдө ооругандардын жалпы саны 895ге жетти. Алардын ичинен:
– Жалал-Абад облусунда — 132 адам;
– Ош облусунда — 172 адам;
– Ош шаарында — 113 адам;
– Бишкекте — 257 адам;
– Нарын облусунда — 115 адам;
– Чүй облусунда — 78 адам;
– Баткен облусунда — 18 адам;
– Ысык-Көл облусунда — 10 адам.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ