Япониянын борбору Токио шаарында өтүүчү жайкы олимпиада оюндары токтотулушу мүмкүн. Бул тууралуу Эл аралык олимпиада комитетинин башчысы Томас Бах билдирген.
“Мен муну жакшы түшүнөм. Анткени биз дайыма бир нече миң адамды уюштуруу комитетине жалдай албайбыз. Жыл сайын дүйнө жүзүндөгү бардык ири федерацияларда спорттук календарды кайра карап чыга албайбыз. Спортчуларга ишеним керек”, – деген Бах. “Токио-2020” олимпиадасынын уюштуруу комитетинин төрагасы Ёсиро Мори 2021-жылга чейин коронавирус инфекциясы токтобосо, олимпиада оюндары токтотуларын билдирген.
Эскерте кетсек, быйыл Токиодо өтүүчү олимпиада оюндары коронавирустан улам 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өткөрүү пландалган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ