Menu

Фото – Президент Сооронбай Жээнбеков Бавария экономика, өнүктүрүү жана энергетика мамлекеттик министри, Премьер-министрдин орун басары Хуберт Айвангер менен жолугушту

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-апрелде Мюнхен шаарында Бавария экономика, өнүктүрүү жана энергетика мамлекеттик министри, Премьер-министрдин орун басары Хуберт Айвангер менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчы мамлекеттик министрге кыргыз-герман бизнес форумуна катышканы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Биз көз карандысыздыкка ээ болгондон кийинки жылдары мамлекеттүүлүгүбүздү калыптандыруу үчүн татаал жолду басып өттүк, бирок, өз өнүгүү жолубузду таптык. Парламенттик республика катары адам укугун сактаган жана адамдардын пикири биринчи орунда турган демократияны куруу жолуна максаттуу багыт алдык. Бирок экономиканы көтөрбөй туруп, аталган системаны, демократиялык принциптерди сактоо абдан оор», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал Кыргызстанда Бавариянын экономикалык, финансылык, өнөр-жай, инновациялык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн жакшы билишерин белгиледи.

«Германия ишкерлери үчүн биздин өлкөнү иш жүзүндө чындап ачып берүүнү жана түрдүү тамактарда биргелешкен ири жана орто долбоорлорду алдыга жылдырууну каалайбыз. Биздин германиялык өнөктөштөрүбүзгө өз ара пайдалуу кызматташтык үчүн сунуштарыбыз бар. Биздин өлкөдө германиялык компаниялардын өкүлдөрүн көргүбүз келет», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков. Хуберт Айвангер экономикалык тармакта жемиштүү кызматташтыкка ишенимин билдирди.

«Биз сиздердин басып өткөн жолуңуздарды, силер көрсөткөн тарыхты сыйлайбыз. Сиздер парламенттик демократиялуу өлкө болгон мамлекетке жетиштиңиздер. Албетте, бул жол жеңил болгон жок. Коомчулук жаңы шартта жашоого үйрөнүшү зарыл. Келечекте сиздердин өлкө тандаган жол жакшы жана байсалдуу болоруна толук ишенем», — деп билдирди Бавариянын экономика министри Хуберт Айвангер.

Хуберт Айвангер Кыргызстандын экономикалык дараметине байланыштуу пикирин айтып, кызматташтык үчүн туризм эң ири тармактардын бири болуп саналарын билдирди.

«Туристтердин дүйнөдөгү табийгаты өзгөрүүсүз сакталып калган жерлерге саякаттоосу барган сайын популярдуу жана заманбап болууда. Сиздерде агрардык тармак жана айыл чарбасы абдан күчтүү, албетте, муну андан ары өнүктүрүү зарыл. Сиздерде экологиялык таза таза азык-түлүктөрдүн абдан көп көлөмү бар жана аны европалык рынокко сатуу абдан ийгиликтүү болушу мүмкүн», — деп баса белгиледи ал.

Министр Хуберт Айвангер санариптештирүүнү өнүктүрүүгө, коммуникативдик инфраструктураны илгерилетүү зарылдыгына көңүл бурду. Ошондой эле ал Кыргызстанга чын ыкластан келип кетерин билдирди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: