Жалал-Абад облусунун Сузак районунда күйөөсү тарабынан зомбулукка кабылган аялдын уулу алыстан келип, апасынан тизелеп кечирим сурады. Бул тууралуу кечээ, 14-июнда видеотасма социалдык түйүндөргө жарыяланды.
Видеотасмадан уулу болгон окуялар үчүн апасынан ыйлап кечирим сурап жатканын көрүүгө болот.
Эсиңиздерге сала кетсек, 12-июнда социалдык тармактарга аялынын моюнуна эки дөңгөлөк байлап алып, чакалап суу чачып, сабап жаткан эркектин видеотасмасы тараган. Бул окуя ушул жылдын 8-июнда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Бек-Абад айылында болгон. Окуядан кийин аял милицияга кайрылган. Видеотасма милиция кызматкерлеринин колуна тиери менен териштирүү иштерин башташкан. Соттун чечими менен аялды кордогон адам Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап кыйнаган адамдын окуясы коомчулукта катуу сынга кабылып, интернет колдонуучулар камакка алынган адамдын жазаланышын талап кылышууда. Ошондой эле, буга карата онлайн митинг өткөрүлдү.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ