Menu

Чек араны чече албаган Жеңиш Разаковдон кутулсак болбойбу?

Бөлүшүү:

Өкмөттүн жаңы курамы менен чек ара маселесине жооп берген Жеңиш Раззаков кайрадан вице-премьерлик ордунда калды. Раззаковдун жогорку кызматка келгенине жыл айланып баратса да жарытылуу иш жасабаганы, чек ара маселелери такталбаган коңшу мамлекеттердин жетекчилери менен тең ата сүйлөшө албай жатса да кайрадан кызматта калышы көп суроолорду жаратты. Алыс кетпей эле Унгар-Тоого коңшулардын күч түзүмдөрү басып кирип, ээлеп алганда чек араны көзөмөлдөгөн Раззаков Көчмөндөр оюнунда улак тартыш көрүп жүрүп алганы элдин кыжырын кайнаткан. Жоопкерчилик деген “жиликтен” жогору турарын Парпиевич сезбейби? Өзүнүн вазийпасын аткарбай, качанга чейин шапар тээп жүрө берет? Чек араны кайтарып жаткан карапайым калктан качан кабар алат? Алар коңшулар качан басып кирет деп элеңдеп олтурушпайбы? Кызматтын баркын кетирип, Өкмөттүн аброюн түшүргөн адамдардын ордуна иш билги адамдарды алып келсек болбойбу? Атамбаев Жеңиш Раззаковдун ордуна мекенчил Жусупжан Жээнбековду алып келип койсо иштин майын чыгарып иштеп бермек.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: