Menu

Кыянбекти “кыс” дегиле

Бөлүшүү:

Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев акыркы күндөрү бай-манаптык кылык-жоруктары менен элдин кыжырына тийип баштаптыр. Беш-алты жан сакчылар менен жүрөт экен. Сумкесин да өзү көтөрбөй жардамчысына көтөртүп койгонун кантесиң. Кадимкидей каада кутуп калган Кыянбектин бул кылыгына маани берип, бул жигитке өкмөт ордун көрсөтүп койсо жакшы болмок экен. Анын үстүнө президентибиз Сооронбай Жээнбеков да айтпадыбы, атайын мамлекеттин мыйзамына ылайык президент гана кайтарууга алынышы шарт экенин. Президенттен башка бир да жетекчи кайтаруусуз эл менен бирге болушу керек. Анысына го мейли эми, жансакчыга өз чөнтөгүнөн төлөп берип жаткандыр. Сөздөн ишке өтсөк, Жалал-Абаддагы бардык алтын кендерине «доляга» отуруп алганын айтып жатышат айланасындагылар. Коррупция кайда жатканын укук коргоо органдары аңдап-билсе болоор эле. Аймактарды өнүктүрүүдө эң биринчи мыкты жетекчилер керек эмеспи. И баса, Кыянбек мырза президенттик шайлоодо Бабановго тымызын иштеп бергенин да канкуулап жатышат. Бир ок менен эки коёнду атайын деген го кайран жигит.

Булак: Ачык саясат 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 + = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: