Кыйладан бери залкар жазуучунун таржымалынын урунттуу жагдайларына саресеп салып китеп кылып чыгарууга ниетин бурган Самсак Станалиевдин ийгилигине биз да батпай турабыз. “Акжарыктын айыкпаган сыныгы” деген өтө баалуу китеп “Принтэкспресс” басма-полиграфия комплексинен үч миң нускада басылып чыкканы улуу мартабалуу инсандын 90 жылдык мааракесине чоң белек болду десек болот. Бийик максатты көздөп аягына чыгарган жазуучу Самсак Станалиевдин ылайым эмгеги кайтарымдуу болсун. Чарчабай, чаалыкпай эл арасында сөөлөттүү басып жүрө берсин!
Булак: Ачык сөз
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ