Урматтуу кыргызстандык асылзат айымдар!
Сиздерди 8-март аялдардын эл аралык майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Аял үй-бүлөдө эле эмес, коомдо да татыктуу ордун ээлеш керек. Сиздердин назиктигиңиздер, аруулугуңуздар, баарынан кымбат аялдык мээримиңиздер дүйнөнү жарык нурга бөлөп турат…
Элибиз “ак ийилет, бирок сынбайт” деген. Бүгүн сиздерди куттуктоо менен бирге мага деген тилеги ак ар бир кыргызстандык апаларга, эже-карындаштарга терең ыраазычылыгымды билдирем. Баарыңыздарга бекем ден соолук, жаз менен кошо ачылган гүлдөй назиктик жана аялдык бакыт каалайм!
Урматтоо менен Өмүрбек Текебаев, “Ата Мекен” партиясынын лидери.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ