Бул тууралуу маселени президент Сооронбай Жээнбеков эки күн мурун Кыргызстандын ишкерлери менен жолуккан учурда билдирди. Ажо азыр эл арасында ушундай сөз жүрүп жатканын, бирок ал кептер чындыкка дал келбесин баса белгилеп: “өкмөт кетпейт, иштейт, шайлоо өз убагында болот” -деди. Ажонун сөзү турмушка канчалык деңгээлде ашат, аны убакыт көрсөтөт. Бирок анын бул сөзү Абылгазиевдин баш бакан болууга аракетин тымызын көрүп жаткандардын үмүтүнө суу сепкендей кылды окшойт.
Булак: “Багыт”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ