Бала саясатчы Жанар Акаев өткөн жылы Жогорку Кеңештин трибунасынан “Жалил Атамбаевге эч кимдин алы жетпейби? Азыр заман өзгөрдү. Керек болсо Атамбаевдин “крышасын” таап камаш керек” деп катуу опурулган. Андан бери бир топ ай убакыт өттү. Акаев Атамбаевдин “крышасын” издеп таба албай жатабы деген сөздөр да айтылды. Эл арасында “Жанар Акаевди фракция лидери Чыныбай Турсунбеков менен Жогорку Кеңештин төрагасы чакырып алып “Сен Атамбаевге көп асыла бербе. Ал деген СДПКны, сени шайлоодо Ош облусунда колдогон. Бул жагын түшүндүңн да” деп оозун жаап коюшуптур” деген сөз айтылып жүрөт. Шамал болбосо теректин башы кыймылдабайт да.
Булак: “Жаңы ОРДО”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ