Menu

Адилет Айтикеев: “Жаныш Бакиевден курч интервью алдым. Ал эми Акаевдин мамлекеттин түптөлүшүнө салымы зор, силердин ушакчы президентиңерге караганда”

Бөлүшүү:

«Эгемен» аттуу бийликтин кошоматка кой сойгон, УКМКдан маалымат алып оппозицияны шыбагандан башканы билбеген бир машке гезити бар. Кечээ кыска маалымат жазыптыр, «Айтикеев Урал авиалиния деген авиакомпаниянын учагы менен Москвага учуп барып, ал жерден машине менен Минск шаарына жетип, Курманбек Бакиев менен жолугушуп, маектешип келиптир. Эми Бакиевди айга-күнгө теңеп мактап чыгарат. Жолугушууну Минск тараптан Алманбет аттуу бала уюштуруптур. Бул эми гезитине жардам алып акчаны басып келди, анткени мурда гезитине Келдибеков ай сайын 200 миң сомдон жардам берип турчу» деп дагы бир топ нерсени божурашыптыр.
Мен эми сөз келгенде айтпаса атасы өлүп калбасын деп дароо жооп узатууну чечтим.
Ооба, мен Оштон Москвага учуп барып, андан ары Минск шаарына бардым. Ал жерде бир нече кандуу окуялар жана буюртма адам өлтүрүүлөр менен сыртынан соттолгон СГОнун мурдагы жетекчиси Жаныш Бакиев менен 5 саатка жолугуп, абдан курч суроо-жооп менен маектештик. Интервью абдан напряженный обстановкада өттү. Ортодо Жаныш Бакиев мага: «Мындай болсо анда интервьюну токтотобуз» дегенге чейин барды. Анткени суроолор ушунчалык курч болду. Медет Садыркуловдун өлүмүнөн баштап 7-апрелдеги окуяларга чейин абдан курч суроолор берилди. Интервью образдуу түрдө айтканда тергөөчү менен айыпталуучунун маегиндей эле өттү.
Мен буга чейин Бакиевдерди, айрыкча Жаныш Бакиевди абдан ачуу сындап келдим. Себеби түшүнүктүү. Бир күнү мага ал кишинин баласы Асылбек чыкты: «Адилет, бизди кечке шыбай бергенден эмне пайда табасың, андан көрө мен сени атам менен жолуктурайын, суроолоруңа жооп алып албайсыңбы, ал киши 6 жылдан бери интервью бере элек», — дегенинен мен ойлонуп отуруп макулдугумду бердим. Анткени Жаныш Бакиев мен үчүн көп суроолорду жараткан адам. Мен билгенден бир нече кылмыш иштери боюнча өмүр бою эркинен ажыратылган. Бир кезде баары жүрөктөрү түшүп, анын атын атагандан коркчу. Кошоматчылар үчүн аны менен сүрөткө түшкөн өзүнчө сыймык болучу. Анан калса, бүгүнкү күндө Жаныш Бакиевге карата талаштуу суроолор өтө көп. Ал эми кечээ эле анын алдында ламбада бийлегендер бүгүн катарынан өкүм чыгарып аны соттоп жатат. Мен үчүн журналист катары мындай резонанстуу интервью чоң табылга болуп саналат. Эгер бул интервью жарык көрсө, мен ишенем, биздин укук коргоо органдарынын, анын ичинде бүгүнкү күндө болуп жаткан сот процесстериндеги айрым суроолорго жооп табылат деп.
Москвадан Минскке менин өрдөкчү кесиптештерим жазгандай, машине менен эмес, поезд менен бардым. Жолугушууну Алманбет деген адам эмес, Жаныш Бакиевдин уулу Асылбек Салиев уюштурду. Эртең менен 9 да барып, 5 сааттан ашык маектешип, кайра түштөн кийин 15:00гө жакын чыктым. Абдан муздак, тек гана курч суроо-жооптон турган интервью болду. Эч кандай тамак да ичпей, кайра эле жолго чыктым. Бу менин өрдөкчү кесиптештерим өздөрү бийликтен 200-500 миңден акча алып жүрүп мени да ошондой элестетишет окшойт. Элдин баары эле силер ойлогондой же силер сатылгандай сатылма эмес. Мен Минскиге барган-келгенимди бул жактан 300 доллар карыздап алып барып келдим. Анткени мындай материалдын канчалык баалуу экенин менин кесиптештерим жакшы түшүнүшөт. Анан калса силерге Минск десе эле А тамгадан башталгандын баары Алманбет деп элестетилет окшойт. Асылбек менен Алманбетти айырмалап алсаңар чала угуп эле жаза бербей.
Минскке барган эле кишини Бакиев кучак жайып тосуп алып акчадан бапыратып чөнтөккө салып узатат деп элестетип алсаңар керек. Деги эле Бакивдер менен чатагым болгон эмес жана болбойт дагы. Мурда кандай сындап келсем, эми дагы ошондой сындай берем. Ал эми Аскар Акаевич менен болгон жакын мамилемди көрө албасаңар, ичиңер күйүп баратса туз жалагыла. Мен ал кишини сыйлап келгем жана дагы сыйлай берем. Ал кишинин мамлекеттин түптөлүшүнө салымы зор силердин ушакчы президентиңерге караганда.
Эгерде эртең Лондондогу Максим Бакиев да мага байланышка чыгып, интервью кылалы десе мен эле эмес, илибой журналист барып кызыктуу суроолорго жооп алганга шашылат. Эгерде эртең Гитлер тирилип келип аны менен маектешкенге мүмкүнчүлүк болсо дароо жетип барып маектешет элем.
Эртең Атамбаев бийликтен кетип, эгерде кокус качып кете турган болсо, ал кишиге да барып маектешип келгенге даярмын. Жөн барбай курут-майымды, кымызымды көтөрө барам. А силер ал кезде башка президентти мактап, мага каршы үрөсүңөр. Кечээ Бакиевдин малайы болгонсуңар, бүгүн Атамбаевдин ити болуп жүрөсүңөр. Эртең дагы бирөөнүн табагын жалайсыңар. Андан башка нерсе силердин колуңардан келбейт.
Негизи эле интервью менен мактап макала жазгандын айырмасын ажырата жүрсөңөр өзүңөргө пайдасы тиет кесиптештер.
2007-жылы апрель айында «Канжар» деген кыймыл түзүп, ошонун арты менен мага Бакиев бийлиги тарабынан «Массалык баш аламандык уюштуруу жана ага катышуу» беренеси менен 2 пункт боюнча кылмыш иши козголуп, 2 ай СНБнын абагына эч күнөөсүз, эч себепсиз, ак жерден отуруп чыккам. Биз камалып жатканда силер жакшы көргөн Алмазбек Атамбаев өкмөт башчы болгонуна сүйүнүп, аянтка келип бизди «козелду ээрчип эт комбинатка түшкөн барандар» деп сөгүнгөн. Мен жаран катары ошону кектеп Бакиевдерди көрүнгөн кыр-сайда жамандап кыйкырып жүрө берсем жарашмак Атамбаевге окшоп. Бирок журналист катары объективдүү болушум керек.
Интервьюда абдан кызыктуу суроолорго жооп алынды. Чыныбай Турсунбеков баштаган бүгүнкү бийликтин пешкалары Жаныш Бакиевдин көзүнүн агы менен тең айланып, кандай кошомат кылгандары, эмне кызмат өтөгөндөрүн ал төкпөй-чачпай айтып берди. Жакында күбө болосуңар.
Ал эми интервьюну чыгарбай бут тосом дечүлөргө айтаарым, интервью абдан жакшы жерге катылган. Силер канчалык коркунуч жаратсаңар, ал ошончолук ыкчам жарыяланып турат. Адилетти тынчытсаңар да жарыялана берет. Ошондуктан мага телефон чалып опузалаштын эч пайдасы жок.
Адилет Айтикеев, “Искра” гезитинин башкы редактору

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: