Menu

Видео – Исхак Масалиев: “СДПК партиясынын лидери бийликтен кеткенден кийин СДПК партиясы ыдырап баратат”

Бөлүшүү:

“Мыйзамдын негизинде фракция өзү жетекчи кызматка сунуштаган депутаттарды кайра артка чакырып алууга укугу бар, бүгүнкү Асел Кодуранованы кызматтан кетирүү маселесинде чыр чыкканы – бул Жогорку Кеңеште ынтымактын жоктугун далилдейт”, – деп билдирди бүгүн, 20-декабрда депутат Исхак Масалиев вице-спикер Асел Кодуранованы кызматтан кетирүү маселесин кароо учурунда.
“Парламенттеги башкаруучу коалиция муну бул жерде талашпай, чырылдабай сырттан чечип келиш керек эле. Мен жылдын башында айткан элем, СДПК фракциясы оппозицияга чыгып кетсе бүгүнкүдөй ситуация болбойт эле. Бирок анда көпчүлүк башкаруучу коалиция мени укпай койгон. Азыр деле кеч эмес. Бийликтин табияты ушундай, башкаруучу партиянын тагдыры ушундай, 70 жылдан ашык башкарган КПСС деле бийликтен кеткенден кийин ыдырап кетти. СДПКнын тагдыры ошого баратат. Коалицияны бузуп кайра түзүш керек, бул объективдүү процесс, мындан ары бул ызы-чуу дагы күчөйт. Ачыгын айтканда силер, көпчүлүк башкаруучу коалициянын мүчөлөрү, бир да тагдырды чече албайсыңар, бир да кызмат ордун чече албайсыңар, иштен бошото албайсыңар, силерге ушунун эмне кереги бар? Жаңы жылда жаңы коалиция менен ишти баштасак жакшы болот эле, ойлонгула! Анын негизинде өкмөттү карайлы, анткени өкмөткө нааразы эл көп болуп жатат”, – деди Масалиев.
“Асел Кодуранова, эгер поезд жол жүрүп баратса ал баары бир өз багытына жетет деген сөз бар. Муну токтотконго сиздин же менин күчүм жетпейт. Алар чечкенден кийин, алар сизге баш тарта албай турган сунуш бергенден кийин жакшысы ушул кызмат орунду аларга тапшырып эле берип койбойсузбу”, – деди депутат.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: