Menu

“Вечерний Бишкек” кайра Александр Кимге өттү

Бөлүшүү:

Бишкек шаардык соту Александр Рябушкин менен Галина Рябушкинаны “Вечерний Бишкек” басма үйү” жабык акционердик коомундагы үлүшүнөн ажыратуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу “Эркин Европа” радиосуна Александр Кимдин адвокаты Сергей Воронцов билдирди.

Жактоочунун айтымында, тараптар баштапкы ордуна келди – Александр Ким “Рубикон” рекламалык компаниясынын жана “Вечерний Бишкек” басма үйү” жабык акционердик коомунун активдеринин жана акцияларынын ээси.

«Айрым техникалык маселелер калды, бирок сот өз чечими менен Кимге баарын кайтарып берди», – деди Сергей Воронцов.

Рябушкин 2014-жылы сотко арыз жазып, 2005-жылы басылмадагы үлүшүн Ким тартып алганын билдирген. Анын арызы канааттандырылып, алгач «Рубикон», андан соң басма үйү толугу менен Рябушкинге өткөн. Бирок 2018-жылы Ким Рябушкиндин үстүнөн арыз жазып, эки кылмыш иши козголгон, Рябушкин камакка алынган.

«Вечерний Бишкек» өлкөдөгү эң ири маалыматтык-жарнамалык басылма. Кыргызстан эгемендик алгандан бери бул басылмада мүлк талаштын аягы тыйылбай, бийлик алмашкан сайын «Вечерний Бишкектин» кожоюну да өзгөрүп келет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: