Menu

Аскер Сакыбаева, журналист: “Кайра эле бийликтин башын жутуп кете бериши мүмкүн”

Бөлүшүү:

-— Негизи энергетикадагы көйгөй 25 жылдан бери чечилбей келе жатат. Үстү-үстүнө үйүлүп маселе көбөйүүдө. Энергетика маселеси кыргыз бийлигинин туруктуулугун ченей турган дагы барометр болуп калды. Ушул энергетиканын баасынын өйдө ылдый болушу, ушундай суукта элдин толкуп чыгышы көп жылдан бери кыргыз бийлигин коркутуп келе жатканы чын. Ушунун айынан мурунку бийлик куулуп кеткени дагы чындык. Бирок ушул маселеси элди үркүтүп толкутпай, эл менен кеңешип, эгерде энергетика тармагындагы маселени ачык айтып, мына бул жери мындай болуп жатат, мына акчасы, баланча акчага баланча иштер жасалды, баланча суммасы ортодо желип кетиптир деши керек. Ага мына мындай кишилер күнөөлүү экен. Кармап жазасын алса жазасын алды деп, албагандар мына минтип качып жүрөт деп ачык айтып туруп, жаранын оозун ачып чечиш зарыл. Болбосо ошол энергетика тармагында иштеген чиновниктер баары эле Орто Азиядагы эң төмөнкү баа бизде, сатып жаткан энергетика өзүнүн баасын актабайт, эчак эле көтөрүш керек болчу, биздин жабдуулар эскирип бүттү деген шылтоолорду дайыма эле айтып келе жатышпайбы. Бирок бул шылтоого элдин баарынын кулагы бышып калган. Ошондо керек болсо ар бир айылга чейин жетип, сенин энергетикаң кандай пайдаланып жатасың мына көтөрүү зарыл деп айтып түшүндүрүү зарыл. Андан кийин элди ишендирип, анан көтөрсө болмок. Эгер чын эле ошондой маселе болуп жатса. Энергетиканын чоңдору маселени ачык айтып элге жеткирип түшүндүрө албаганынан улам, эл болсо өзүбүздөн чыгып жаткан суудан энергетика жасалып жатса, эмне үчүн биз кымбат төлөшүбүз керек деп бийликти коркутуп курал кылып алышты чынын айтканда. Бул маселе чындап чечилбесе дагы бир он беш жылга чейин уланып кете бериши мүмкүн. Акылдуу эсептегичтер боюнча дагы эл арасында чыккан уу-дуу сөздөр, өкмөткө, Жогорку Кеңешке чейин талкуу болду. Чын эле ошол акылдуу эсептегичтерде маселе бар экендиги белгилүү болду. Күйүп аткан элдер, жаккан колдонгону баягыдай эле болсо анан мурдагысында 500 же 1000 сом төлөгөндөргө 2000–3000 сомдон чыгып атса шексинет. Бул дагы карапайым элин көзүнө илинбеген кара схемалар көп болуп кетип жатпайбы. Бирок эл байкуш көзү жеткени менен ачыкка чыгара албай жатат. Бул маселени чечиш керек. Ушул маселени чечишпесе кайра эле бийликтин башын жутуп кете бериши мүмкүн.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 56 = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: