Menu

Талапкер көп так бирөө. Дагы канчаңар талп деп түшөөр экенсиңер?

Бөлүшүү:

Күздө өтчү президенттик шайлоого арыздарды кабыл алуу 2017-жылдын 1-августуyда БШК тарабынан жыйынтыкталды. Талапкерлердин саны 2011-жылкы президенттик шайлоого салыштырмалуу азыраак болду. Ошентсе да обу жок катын орсок уй саайт дегендей, обу жоктордун саны 59га жетти. Буга чейин айтылып да, жазылып да келгендей, бир миллион сом күрөө менен 30 000 колду топтоого он чактысынын эле чамасы жетпесе, калгандарынын чамалары чак экени бештен белгилүү. Ошого карабай пенсионери деле, жумушсузу деле, мурда-кийин соттолгону деле, коррупционери деле жулунушуп арыздарын беришкен. Ал ортодо мамлекеттик тилден экзамен тапшыруу башталды. Айрымдары эне тилинен 60 упайды араң алышса, кээ бири эч кыйналбастан тиешелүү упайларын алышып көңүлдөрү ток. Ошол мамлекеттик тилден экзамен тапшырууда да айрым ал өпкө талапкерлер университеттин астынан кол чаптырып, ар кандай шаанилерин жасатышып, обу жоктугун дагы бир ирет далилдешти. Кээ бири туура ошол күнү унаасын өзү айдап туура эмес жерге токтотуп айыпка жыгылышканын, мыйзамды сактаган киши болуп айыпка жыгылып айып төлөгөнүн социалдык тармактар аркылуу шардана кылып, “Башталат баары майдадан, байкабайт аны майда адам” дешип, баарын байкагыч болуп чыгышты. Андай эле байкагыч экен, унаасын токтотуп жатканда туура эмес жерге токтотуп жатканын байкабайт беле десең. Черт побериники. Же калп эле эл көзүнө мыйзам сактаган киши болуп көрүнүп жаткандыр. Талапкер болуп жатып мыйзамдуулукту сактабай туура эмес жерге унаасын токтотуп жатса, президент болуп калса аянттын ортосуна токтотуп коюп абийирибизди кетирет го. Дагы биринин жардамчысы тил боюнча комиссиянын мүчөсү менен алдын ала сүйлөшүппү же дагы башка маселе мененби чайлашып олтурганын сүрөткө тартып алышыптыр. Айтор эртеси ал талапкер ошол убактагы эң көп упай алган талапкер болуп чыга келбеспи. Бүгүнкү күндө экзамен тапшыруу жүрүүдө, азырынча мамлекеттик тилди билбей кулагандар жок. Тапшыргандардын баары эле мамлекеттик тилди билишет экен. Алдыда бир миллион сом күрөө менен 30 000 кол топтоо маселеси калды. Тилди го баары эле билишет, ал эми капчыкты каккан миллион сомду кантээр экенсиңер. Азыртадан эле арызыңарды артка чакыртып алып алсаңарчы, абийириңер төгүлүп кала электе. Ажолукка аттанаарда кичине алды-артыңарга карап арызыңарды жолдосоңор болмок. Арыздарын бергени го беришип, эми кайра артка алып жаткандардын жолу болсун. Мындай иттигиңер бар экен бир жериңерди кысып, Кыргызстанды кошуналар астында уят кылбай шүк олтурбайт белеңер. Чамаңарга карап чалгынга чыксаңар болмок экен. Же эмне атың чыкпаса жер өрттө болуп, атыңарды чыгарып алууну көздөдүңөрбү? Атыңар чыгып Алайга, даңкыңар жетип далайга, талп дей түштүңөрбү 30 000 кол топтоп, күрөөгө миллион сом салаарда. Дагы канчаңар талп деп түшөөр экенсиңер? Күтө туралы.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 73 − 70 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: