Menu

Казакстанда блогер Ермек Тайчибеков кармалды

Бөлүшүү:

Ермек Тайчибеков

23-сентябрда Алматыда 42 жаштагы блогер Ермек Тайчибеков кармалды. Ал коомчулукта Казакстан Орусиянын курамына кириши керектигин айтып, өлкөдө орус тилдүүлөр басмырланып жаткандыгы тууралуу билдирүүлөрү менен белгилүү.

Блогердин кармалганын Алматы шаардык полиция депараменти ырастады.

— Тайчибеков 23-сентябрда «Кастыкты козутуу» беренеси боюнча шек саналып кармалды. Азыр убактылуу кармоочу жайда камакта», — деп билдирди департамент өкүлү.

Блогердин бир тууганы Марлен Тайчибеков иниси казак бийлигинин улуттук саясатын сындаган YouTube хостингиндеги интервьюсуна байланыштуу кармалганын билдирди.

Орусиячыл көз караштары менен белгилүү блогер Ермек Тайчибеков «Фейсбук» баракчасына улут аралык кастык козуткан билдирүү жазган деген айып менен 2015-жылы декабрда төрт жылга соттолгон. Ага каршы кылмыш иши жарандык активисттердин арызынын негизинде козголгон.

2016-жылы январда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) өкүлү Казакстанда блогерлерге карата чыккан сот өкүмдөрүн сынга алган.

Тайчибеков 2017-жылы октябрда мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыккан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: