“Мен бүгүн эрте менен саат 9.20. да келип сөзгө жазылгам, анан мага кезек келгенде депутаттар тобу менен келип, микрофонду кезексиз ээлеп алышканда мен чынында ачуум келип кетти. Мен Садыр Жапаровду колдоп келгем, мен провокатор эмесмин. Каныбек Иманалиев мени “провокатор” деп жалган сүйлөп салды. Депутаттар парламенттин ичиндеги микрофондо сүйлөгөнү жетишет, көчөдөгү микрофонду бизге, карапайым элге берсин”, – деди жарандык активист Гүлжигит Исаков бүгүн, 23-апрелде Өкмөт аянтында өткөн Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаевдин тарапкерлери бирге өткөргөн митингде.
Эсиңиздерге сала кетсек, ага чейин кезексиз сөз алган алган атамекенчи депутат Каныбек Иманалиев менен кезекке жазылып күтүп турган Гүлжигит Исаковдун ортосунда чыр чыгып, Иманалиев аны “Атамбаев жөнөткөн провокатор! Жыйындан жетелеп чыгарып койгула” деп буйруп, эки ортодо жаңжал чыккан.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ