Menu

Ажонун Аксы окуясы, март жана апрель элдик революцияларынын атын түбөлүккө калтыруу жарлыгы чыкты

Бөлүшүү:

Президент Алмазбек Атамбаев “Аксы окуяларынын, Март жана Апрель элдик революцияларынын атын түбөлүккө калтыруу жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Жарлыктын тексти:

“Өткөн мезгил көрсөткөндөй 2002-жылдын 17-мартындагы Аксы окуялары, 2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революциясы жана 2010-жылдын 7-апрелиндеги Элдик революциясы кыргыз элинин эркиндик, демократия жана адилеттүүлүк үчүн күрөш жолунда Кыргызстандын соңку жаңы тарыхындагы эң зор үч ашуу болгон. Бул үч окуя эркиндик менен адилеттүүлүк кыргыз элинин канына да, жанына да эзелтен сиңип калганын бүтүн дүнүйөгө далилдеген.

Элибиздин бул татаал, каарман жолу 2002-жылдын 17-мартында Аксыда башталган. Дал ошол күнү карапайым калкыбыз өлкөнү тоногон, элибизди манкурт, кул катары көргөн акаевдин үй-бүлөлүк режимине каршы көтөрүлгөн, бирок, бийлик өз элине каршы курал колдонуп, өз жарандарын өлтүрүп, өзүн сактап калган.

Үч жыл өткөн соң, 2005-жылдын 24-мартында, элибиз экинчи ирет өлкөнү талап-тоноп жаткан бийликке каршы көтөрүлүп, бул сапар жеңишке жеткен. Бирок, көп узабай элдин жеңишин дагы бир үй-бүлөлүк режим – бакиевдердин режими уурдап алган.

Өлкөбүздү туруктуу өнүгүү жолуна салууга, коррупцияга каршы чындап күрөшүп, мекенибизди кедей өлкөлөрдүн катарынан чыгарууга, демократиялык шайлоо өткөрүп, парламенттик системанын пайдубалын түптөөгө мүмкүнчүлүк берген жол 2010-жылдын 7-апрелиндеги Элдик революциядан кийин гана ачылган.

Бул сапар элибиз үй-бүлөлүк, кландык системаны биротоло талкалаган. Бирок, жеңиш өтө кымбатка турган. Жүзгө жакын жараныбыз курман болуп, миңден ашык адам жаракат алган.

Кыргыз элинин эркиндик, демократия жана адилеттүүлүк үчүн күрөш жолундагы эң маанилүү күндөрүнө мамлекеттик статус бекитүү жана бул татаал жолдо курман болгондордун элесин түбөлүккө сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 60 жана 65-беренелерине ылайык, токтом кылам:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө төмөнкүлөр сунушталсын:

– 17-мартты – жыл сайын белгиленүүчү эскерүү күнү – “Аксы окуяларынын күнү” деп жарыялоо;

– 24-мартты –  жыл сайын белгиленүүчү эскерүү күнү – “2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революция күнү” деп жарыялоо.

2. Эркиндик, демократия жана адилеттүүлүк үчүн күрөш жолундагы эң оор, эң татаал соңку ашуусун элибиз 2010-жылдын 7-апрелинде ашып өткөнүн эске алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына жылына белгиленүүчү “7-апрель – Элдик Апрель революциясы күнү” Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинде белгиленген жумуш эмес майрам күндөрүнүн тизмесине киргизүү сунушталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 6-мартындагы № 98 “24-мартты улуттук майрамдоо күнү деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгы күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти

А.Ш. Атамбаев

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 98 − = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: