АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри кийинки жумада Москвага барат. Жолугушууда орусиялык аскерлерди Сириядан чыгаруу маселеси жана бул өлкөдөгү саясий өткөөл жараян талкууланат.
Керри маалымдагандай, ал президент Владимир Путин менен бетме-бет жолугуп, тынчтык сүйлөшүлөргө жаңы түрткү берүүгө аракетенет. Анын айтымында, азыр эң оңтойлуу убакыт.
“Керринин Москвага сапары азыркы учурда иштелип чыгууда”, – дейт Тышкы иштер министрлигинин өкүлү.
Буга чейин Орусия Сириядан негизги аскерлерин чыгаруу тууралуу чечимин жарыялаган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ