Menu

Казакстан ИИМи: 1-марттагы митингдер учурунда 80дей киши кармалган

Бөлүшүү:

Казакстандын ички иштер министри Ерлан Тургумбаев өкмөт жыйынынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, 1-марттагы митингдер учурунда полиция бөлүмдөрүнө 80 киши жеткирилгенин билдирди.

«Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин дээрлик баары бошотулду», — деди Тургумбаев.

Ал бир киши айып пулга жыгылганын, экөө «полицияга каршылык көрсөтүү», бирөө «уруксатсыз митинг өткөрүүнү уюштуруу» айыбы менен кармалганын кошумчалады.

Буга чейин Казакстанда өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин саясаттан кетүүсүн талап кылган жана тергөө абагында каза болгон активист Дулат Агадилдин өлүмү боюнча нааразылык акцияларына чыккан ондогон адам кармалганы кабарланган.

Полиция акция өтчү Нур-Султан, Алматы, Чымкент, Актөбө, Атырау жана Орол шаарларындагы борбордук аянттарды тосуп салган. Кармалгандар «Диктатурага жол жок!», «Чал кет!» деп кыйкырышып, ушундай эле чакырыктар жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышкан. Полиция акция катышуучуларын алар шаар акимчиликтеринин имараттарына, борбордук аянттарга өтүүгө аракет жасаган маалда кармашкан. Айрым активисттер үйлөрүнөн чыгып баратканда эле полиция бөлүмдөрүнө жеткирилген.

Жекшемби күнү кечинде укук коргоочулар бери дегенде эле 144 киши кармалганын билдирген.

Казакстандык активист Дулат Агадил 24-февралда кармалып, Нур-Султан шаарындагы тергөө абагына киргизилген. Арадан бир сутка өтүп, 25-февралда каза болуп калган. Полиция активисттин жүрөгү кармап каза болушу мүмкүн экенин билдирген. Бирок активисттин сөөгүн моргдон алып чыккандан кийин тартылган видеодо анын денесинен көгала тактар байкалган.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Informburo.kz маалымат агенттигиндеги маегинде Дулат Агадил жүрөк оорусунан улам каза болгонун айткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 44 = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: