Menu

Данияр Аттокуров Атамбаевге “Торпеда” болууда

Бөлүшүү:

СДПК фракциясынын жаш депутаты Данияр Аттокуровдун кыялы мурдунун учунда экен. Тагырагы ал өнүгүүчүлөрдүн атаманына тап берди. Бу сары бала мынчалык үнүн катуу чыгарганын уккан эмес элек. Бакыт Төрөбаевди «популист, эртеңкисин ойлонбой сүйлөгөн галдирбай» дегендей эле айтты. «Өз каалооң менен кет» деди. Ойлонуп көрсөк, жаны кашайгыдай эле бар экен. Себеби, ага чейин парламентте Текебаевдин маселеси каралып, Бакыт Төрөбаев, “маселе чече албасак тарап эле кетпейлиби” дегенин жакшы эле билесиңер да. Ошол сөздү кийин АША өз пайдасына колдонуп, “ушакчы парламент тарап кеткилечи” дегендей дагы кылбады беле. Ии… анан араң жеткен мандатынан айрыларына аз калганын ойлоп, уктай албай катуу кыйналса керек. Эртең эмне болорун ким билет? Оош-кыйыш заманда, ишенген кожоң деле сууга агып кетиши ажеп эмес да. Көпчүлүк жакшы билгендей эле бу Данчик дагы Атамбаевдин ишенген кол балдарынын бири. Жаш болсо дагы башкалардан кем калбай, кадр саясатын калчап турат. Айрыкча Ысык-Көлдүн чиновниктеринин чимкиригин агызат. Ушул касиети менен саясаттагы ордун бекемдеп келе жаткан да. Ошондуктан партиядагы өгөйлөр өзгөчө саясий оюн ойной баштаганда, фракциялаштары унчукпай олтурганына түтпөй кетсе керек жарыктык. Анткен менен Данияр мырза, Жанар мырзага салыштырмалуу, амалданбай эркекче бийликке “торпеда” болуп берүүдө.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: