27-29-сентябрында, Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Элчилиги “Чолла-пукто” провинциясында болуп өткөн «Global Family Festival», «Gimje Horizon Festival», «Wanju Wild Food Festival» фестивалдарында Кыргызстан жөнүндө презентациясы менен активдүү катышты.
Бул фестивалдардын алкагында Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы элчиси Динара Кемелова Чолла-Пукто провинциясындагы Кимже шаарынын, Ванжу, Имсиль, Сунчхан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери, ошондой эле Чонбук Улуттук Университетинин жана Чонджу Университетинин жетекчилери менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи айыл-чарба, өнөр-жай, инновациялык технологиялар жана билим берүү жаатында кызматташуунун келечеги, ошондой эле EPS(Employment Permit system) системасынын негизинде Кыргызстандын жарандарын жумушка кабыл алуу боюнча маселелерди талкуулашты.
“Wanju Wild Food Festival” иш-чарасында,чет өлкөдөн бир гана Кыргызстан катышып, Элчиликтин жана Кыргызстандык активистердин колдоосу менен биздин мамлекетте жасалган органикалык өндүрүмдөр: бал, кыям, табигый өсүмдүк майы, кургатылган жемиштер ошондой эле кол өнөрчүлөр тарабынан жасалган кийизден жасалган сувенирлер көргөзүлдү.
Коноктор бал жана чычырканак, кара карагаттын, малина жана башка кургатылган жемиштерден демделген чайдан даам тата алышты. Ошондой эле кыргыз наваты корей элинин кызыгуусун жаратты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ