Нарынга көчүрүлүп келинген Памирлик кыргыз бир тууган боордошторубуздун учурдагы акыбалы жөнүндө жана аларга кам көрүлбөй калганын социалдык тармактын колдоонуучусу Илгиз Шаменов кечээ, 5-октябрда “Фейсбуктагы” өзүнүн баракчасы аркылуу билдирди.
Илгиз Шаменов: “Өкмөт башчыбыз Мухаммедкалый Дүйшекеевичке кайрылат элем. Памирден келген бир тууган боордошторубузга көңүл буруп, мыйзам чегинде маселесин чечип берип койсоңуздар жакшы болот эле. Памирде жаткан жеринен: “жардам беребиз”,-деп Кыргызстанга алып келдик эле. Ал жактан алып келген соң аягына чейин жардам кылуу керек эле, же болбосо Кыргызстанга алып келбеш керек болчу!”,-деген пост калтырды.
https://www.facebook.com/100015569766255/videos/640745416454445/
Ошондой эле ал учурда памирлик кыргыз Рамазанга жардам керек болуп жатканын, жардам берем дегендер болсо деп (0500) 807479 телефон номурун калтырган.
Эскерте кетсек, Ооганстандын Памир тоолорун байырлап калган боордош кыргыздар Алмазбек Атамбаевдин бийлигинде Кыргызстанга көчүрүлүп келген. Тагырагы, 2017-жылы, 2-октябрда кыргыз өкмөтү (премьер-министр Сапар Исаков эле – авт.) Кичи жана Чоң Памирдеги кыргыздарды Кыргызстанга алып келүү үчүн атайы экспедиция жөнөткөн. Ал жактагы 6 үй-бүлөнү (33 адамды: 18 жашка чейинки 17 бала, кош бойлуу аял жана 1,5 жаштагы бир баланы) жаңыча жашоого ылайыкташуу үчүн 13-октябрда Кыргызстанга алып келишкен. Алар ал учурдагы вице-премьер-министр Чолпон Султанбекованын коштоосунда Нарын шаарына жеткирилип, Куланак айылына жайгаштырылган. Былтыр (2018-жылы) 18и Ооганстанга кетип, бирөө гана кайтып келген. Алар Кыргызстандан билим алып, кайра Ооганстанга барып ал жактагы адамдардын кат-сабатын өнүктүрүү келишими менен келген.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ