Menu

Азиз Батукаевден акча алган жалгыз Атамбаев элеби?

Бөлүшүү:

ИИМдин тергөө башкармалыгы тергеп жаткан Азиз Батукаевдин иши боюнча дагы эле кызуу талаш-тартыш уланууда. Эсперттер жана эксперт сөрөйлөр экиге бөлүнүп — бири бирди айтса, экинчиси карама-каршылыгын айтып, элди беймаза кылууда.

Бул ишке, түрмөдөн оорунун негизинде камактагыларды бошотуу тууралуу мыйзам жол берген процедурасына ылайык, ишти “сүрөттөп”, ошол эле сүрөттөмөнүн негизинде кылмыш иш изилденип, тергөөчүлөр аягына чыктык деп турушат. Бирок, “Коррупция” беренесине тергөөчүлөр бул ишти кантип илгендерин түшүнгөнгө баш жетпейт.

Мисалы, Батукаев акча берип чыкты деп тергөө айтып жатат. Бирок, ким акча бергенин эч ким билбейт. Ал тастыкталбаган маалымат. Кимге акча берилгени да далилденбеген “факты”.

Демек, коррупция бар – деген тыянак, күмөндүү болуп туру…

Ал эми Аида Салянова, Шамил Атаханов, Феруза Жамашева жана башка аткаминерлерди коррупция эмес, “Билип укук коргоо органдарына жеткизип айткан жок” деп сотко тартууга болсо керек деген ой бар.

Биринчиден, Азиз Батукаевдин эжеси Яха болгон сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн деп айтылып жатат. Аны эч ким көргөн да, уккан да эмес экен. Ал жөнүндө маалыматты эч ким тактаган жок. Зарылбек Рысалиев тууралуу кеп жок. Ал ошол кезде ГСИНдин башчысы болуп турганда, Башпрокурордун буйругу болбосо да, Президенттин буйругун аткарууга тийиш. Бошот десе Азиз Батукаевди узатып, бапестеп, аны сопровождение кылып келди десек жарашмак…

Демек, ошол кездеги президенттен башкасынын күнөөсү “Коррупция” беренеси эмес, “Кызмат абалынан пайдалануу” эле болушу мүмкүн. Акча алышса да ылдый жактагылар алышы мүмкүн. Себеби, “Мыйзамдагы ууруну” бошотууга 14 адамга 100 миңден
бергенде да 1 млн 400 миң доллар керектелмек. Он миңден күндө таба турган Башпрокурор андай акчага “башын тосуп” бербейт. Шамил Атаханов, Феруза Жамашева жана башка жогорку бийликтегилер да чоң акча беришпесе, баштарын “тобокелдикке” салбайт эле. Аны менен алар көп “пул” жоготконго барышпайт эле.

Бирок, акчаны өзү жалгыз алып, ишти бүтүрчү Кыргызстанда ким бар эле?

Туура… Президент Алмазбек Атамбаев.

Анын үстүнө Батукаев боюнча кылмыш иш козголгондо, Москвага АША эмнеге жөнөп кетти? Ага кайсы эмгеги үчүн Россиялык аскерлер Кант авиабазасынан менчик самолёт менен учуртат? Ким учурду? Кимдер кызыкдар эле? – деген суроого да жооп изделген жок.

Андан соң, Сооронбай Жээнбеков да Москвага барып, Путин “Азыркы президенттин тегерегине чогулуп, иштеш керек”,- дегенде гана Батукаевдин иши толук кандуу аягына чыгуусуна жол ачылды.

Кандай десек да табылган суроодон, табылбаган суроодон жана такталбаган маселелер көп, кысталак…

Салянова тууралуу айтсак, аны Минюсту башкарып жүргөндө “Кумтөрдүн” кызыкчылыгына 1,5 миллиард сомду Данияр Үсөнов менен Кыргыз мамлекетинин жана кыргыз элинин атынан кечирип, “списать” этип койгону үчүн бери жагы 12 жылга соттосо эч ким “кыңк” этпейт эле…

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: