Бүгүн, 3-декабрда «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов УКМКга суракка барды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Эске сала кетсек, УКМК кечээ, 2-декабрда иликтөөгө тиешеси бар адамдардын баары күбө катары суракка чакырыларын билдирген. Кечээ ЖК депутаты Дүйшөн Төрөкулов да сурак берип чыккан. Андан тышкары, Ширин Айтматова, Фарид Ниязов, Мухаммедкалый Абылгазиев, Турдуназир Бекбоев суракка чакырылганын жарыялаган.
УКМК журналисттик иликтөөдөгү фактылар боюнча ишти иликтөөдө.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ