Бүгүн, 20-мартта Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев онлайн пресс-конференция берип жатат.
Саламаттык сактоо министринин маалыматы боюнча, 20-март эрте мененки саат 9:00гө карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 3 жаӊы учур катталды. (3 тең эркектер). Ооругандардын жалпы саны – 6 адам.
Жаӊы очоктор Ош облусунун Ноокат районунда аныкталды. Алар кичи ажылык сапардан кайтып келишкен. Бирок, 12-мартта эмес, башка рейс менен келишкен.
“Бейтаптар изоляцияналып, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, тийиштүү дарылануу алууда” – деди министр.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ