Menu

Трамп Рим папасы менен жолугушуу үчүн Италияга келди

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Трамп Рим папасы Франциск жана италиялык лидерлер менен жолугушуу үчүн Ватиканга келди. Шейшембиде Air Force One авиалайнери Римдеги Леонардо да Винчи аэропортуна конду.

Трамп Италияда 24 саатка жакын болуп, андан соң Европа биримдигинин жана НАТОнун жетекчилери менен жолугушуу үчүн Брюсселге барат. Андан соң ал кайрадан Италияга келип, бейшембиде Сицилияда өнөр жайы өнүккөн өлкөлөрдүн “Чоң жетилик” саммитине катышат.

Трамп менен Рим папасы миграция, климаттын өзгөрүшү же ислам маселелери боюнча пикирлери келишпейт. Өткөн жылы Трамптын АКШ менен Мексика чек арасына дубал тургузуу ниети жөнүндөгү суроого Франциск: “көпүрө эмес дубал тургузууну ойлогон адам христиан эмес”,-деп жооп берген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 + = 95

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: