Эки күндөн бери социалдык тармактарда эшек фермасы тууралуу видео тарап, коомчулук: “эшектин эти базарда сатылып жатышы ыктымал, эт албагыла!”,- деп дүрбөлөңгө түшүп, катуу талкуулашууда. Ага тиешелүү деп айрым бир депутаттардын да аты аталып кетти. Ал тууралуу бүгүн, 10-декабрда Ош облустук милициясы журналисттерге билдирди.
Алардын айтымында, Ош облусунун Мады айылындагы эшек фермасы тууралуу социалдык тармакта тарап жаткан маалымат жалган, видео эски, 2015-жылы тартылган. Учурда жалган маалыматтарды ким тараткандыгы иликтенүүдө.
Ошондой эле, облустук милиция ветеринардык органдар, жергиликтүү бийлик жана жеке күзөт ишканасы менен текшерүү иштерин жүргүзүп, жыйынтыгында, миңдей эшек багылган ферма бар экени аныкталган. Бирок, ал жерде эшек союлуп, эти сатылып жатканы боюнча далил табылган эмес.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ