Menu

Жалал-Абадда КРнын ӨКМнин областтык башкармалыгы өткөн жылдын жыйынтыгын чыгарды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 17-январда  КРнын ӨКМнин Жалал-Абад областтык башкармалыгы 2016-жылдын жыйынтыгын чыгарган жыйынын өткөрдү. Жыйынга областтык бир катар тармактардын жетекчилери жана массалык маалымат каражатарынын өкүлдөрү катышты.

Өткөн жыл ичинде аткарылган иштер боюнча КРнын ӨКМнин Жалал-Абад областтык башкармалыгынын башчысы Абдишарип Бекилов баяндама жасады.

–  Жалал-Абад областында 2016-жылы 86 өзгөчө кырдаалдар катталып, ар кандай кырсыктардан 35 адам каза болгон. Жалпы келтирилген зыяндын өлчөмү 233 868 048 сомду түзгөн. Он бир жолу жер көчкү кырсыгы катталып, бир адамдын өмүрү кыйылган. Мындан сырткары 35 жолу сел кырсыктары катталып, 1 адам каза тапкан. КРнын ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча капиталдык курулуш департаментинин 2016-жылдагы иш планына 5 обьекти киргизилип, 31 млн. 991 миң сом акча каражаты сарпталды. Аткарылган иш чаралардын натыйжасында 1858 турак жай, 575 кожолук, 1315 га айыл чарба жерлери жана 22 социалдык обьектилер корголду. Жалал-Абад областтык “Сел жана суу ташкындарынан коргоо” бөлүмү тарабынан капиталдык куруу, оңдоо жана кайра калыбына келтирүү иш чарасына 8 обьекти киргизилип, жумуштар толугу менен аткарылып, экплуатацияга тапшырылды. Бул максатта 39 млн 924 миң 945 сом акча каражаты сарпталды. Аткарылган иш чаралардын натыйжасында жалпысынан 903 кожолук, 2578 га айыл чарба жерлери корголду,- деди КРнын ӨКМнин Жалал-Абад областтык башкармалыгынын башчысы Абдишарип Бекилов.

Жалал-Абад областынын аймагындагы табигый жана техногендик кырсыктардан жабыр тартып, көчүрүүгө сунушталган үй-бүлөлөрдүн саны 1994-2016 жылга чейин 2664 үй-бүлө катталган. Анын ичинен 849 үй-бүлө учурунда мамлекеттик ссудаларды алып, коопсуз аймактарга көчүп чыгышкан. Ал эми 745 үй-бүлө мамлекеттик жардамдарын алган эмес жана көчүрүлбөгөн. Ал эми 1070 үй-бүлө мамлекеттен жардамдарды алышканы менен кооптуу жайлардан көчүп чыгышкан эмес. Жалал-Абад областы боюнча жалпысынан 1815 үй-бүлө коопсуз аймактардан көчпөй жашап келе жатышат. Учурда Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагындагы Жалгыз-Жаңгак жана Кызыл-Туу айыл аймагындагы Акчалуу жана Алмалуу-Булак айылдарындагы жүздөгөн үй-бүлөлөр кооптуу аймактарда жашап келе жатышат.

Жыйындын ишине өкүлдүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов катышты жана башкармалыктын быйылкы жылда аткара турган иштерин натыйжалуу аткаруу милдеттерин койду.

Жолдошбай Осмонов, журналист

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: