2017-жылдын 20-сентябрь күнү саат 18:15 чамасында Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу айылынын тургуну түтүнгө ууланып каза болду. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Ленин көчөсүндөгү №75 үйүнүн 19-батиринен өрт чыккан. Өрт өчүрүүчүлөр келип, түтүнгө уланган батирдин ээсинин жансыз денесин табышкан. Үй ээсинин сөөгү милиция кызматкерлери тарабынан өлүкканага жеткирилди. Учурда өрттүн себеби такталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ