Menu

Абдыкалык Рустамовго ыңгайсыз суроо: Уран кенин өндүргөндөрдү колдогон сөзүңүз үчүн канча «сыйакы» алдыңыз?

Бөлүшүү:

Кызмат десе көзү кызарып, бийлигин сакташ үчүн «илибой» ишти жасап, туш келгенинине «артын» тоскон жетекчи сөрөйлөрүбүз жок эмес. Маселен, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов Ысык-Көлдөгү «Кызыл-Омпол» уран кени боюнча да өзүнүн туруксуздугун, эки жүздүүлүгүн көрсөттү. Ыңгайына карата позициясын өзгөртуп, кылтыңдай берген бул эргул кызматын сактап калыш үчун бүгүн бирди айтып, эртең башканы айта берет экен. Дегенибиз, уран кени боюнча коомчулукта түрдүү кептер айтыла баштаганда ушул Абдыкалык мырза: «Уран кенин казууга каршы чыккандарга түшүнбөйм» деген маегин берип, кен иштеткендердин адвокатына айланып, уран өндүргөндөрдү жерге-сууга тийгизбей мактап, экологиялык коопсуздук толук сакталганын, жергиликтүү элге зыяны тийбей тургандыгын айтып шанаңдаган. Бир күндөн кийин баягы бетин сыйрып ыргытып, жузү каралыктын эң бийик үлгүсүн көрсөтүп: «Кызыл-Омпол кенин де уран казуу иштери жүргүзүлбөйт. Өкмөт ишти убактылуу токтотуу тууралуу чечим кабыл алды. Мен биротоло токтош керек деп айтып жатам» деди. Бул сөздөр коррупция жыттанып турбайбы? Эгер жогор жактан жабылсын деген тапшырма болбогондо Рустамов акчалуу тараптын ырын ырдап, зыяны тийбет деген обонун созо бермек.

—Абыдкалык мырза, бүгүн бирди, эртең башканы сүйлөгөн адамдарды сиздин айылда эмне деп аташат? Уран кени зыянсыз болсо, Миң-Кушка барып 3 ай жашап келбейсизби? Экинчиси, сөзүңүздүн эки башка чыгышынын төркүнү кайда жатканын айтып бере аласызбы? Адегенде акчалуу тараптын таламын талашып, колдон келишинче мактап-жактап, кийин жогор жактын «жабылсын» деген тапшырмасы болгон соң аргасыз түрдө экинчи жээкке секиришиңиз эки жүздүүлүк эмеспи? Айтмакчы, уран кенин өндүргөндөрдү колдогон сөзүңүз үчүн канча «сыйакы» алдыңыз?

Булак: «Мантыш»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: