– Руслан мырза, лидериңиз Өмүрбек Бабанов менен байланышып турасызбы?
– Байланышып турам.
– Ал Кыргызсганга келе турган болдубу?
– «Келем» деп айтты го баардык ЖМКлардан.
– Бирок, УКМК ал кайтып келсе мыйзам чегинде козголгон кылмыш иши боюнча жооп берерин билдирбедиби. Муну Бабанов билеби?
– Билет. Ал деле окуп атат да. «Жоопкерчиликтен качпайм. Келип, УКМКнын, башка укук коргоо органдарынын кандай суроолору болсо, баарына жооп берем» деп атат.
– Садыр Жапаровдой кылып камап коюшсачы?
– УКМК деле өз ишин кылып атат да. «Жоопко тартылат» деген сөзсүз эле «камайбыз» деген сөз эмес. «Келгенде тергөө
иштери улантылат, суракка да кырылат» деп айтышса деле болмок. Бирок, булар ушундай формулировка кылышты. Бул эми алардын өздөрүнүн иши да.
– Сыр болбосо Россияда ал киши эмне жумуш кылат?
– Бизнес менен алектенип жатат.
Аттокур Жумаев
Булак: «Азия ньюс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ