Menu

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун коопсуздугуна «Манас» аэропортунун президентинин залакасы тийбеш керек

Бөлүшүү:

Көп тармактарда, анын ичинде өлкөнүн башчыларын ташуучу литердик каттамдарды уюштурууда атайын жазылбаган бирок дайыма аткарылып туруучу көмүскө мыйзамдар болуп келген. Мисалы, кыргыз президенттери Акаев, Бакиев, Атамбаевдер чет өлкөгө учканда “Манас” аэропортунун президенти сөзсүз түрдө бейрасмий делегациянын составына кирип, президентти тейлеген топ менен кошо учуп барып келчү. Башкача айтканда учакка тирүү барымта катары алынып, кошо учуп жүрчү. Албетте бул ачык айтылбагандыктан муну көпчүлүк биле бербейт. Анткени президенттик самолет “Манас” аэропортунда турат жана анын коопсуздугун аэропорттун жетекчилиги менен коопсуздук кызматтары камсыз кылып, күнү-түнү көздүн карегиндей сакташ керек. Самолет аэропортто турганда ага аэропорттун кызматкерлери гана кире алышы мүмкүн. Жөнөкөй тил менен айтканда ою бузуктар түнүчүндө самолеттун бир тетигин байкатпай сындырып, алмаштырып, бир зымын үзүп койбосу же авиакеросинге бир нерсе салып салбасы үчүн, самолеттун жүк салуучу же кайсы бир башка бөлүгүнө жарылуучу, тез күйүп кетүүчү заттарды катып кетпеси үчүн “Манас” аэропортунун жетекчилиги өтө кылдат кайтарууну камсыз кылууга милдеттүү. Самолет учарда албетте атайын кызматтар тарабынан текшерилет, бирок “сактыкка кордук жок” дегендей аэропорттун президенти бул ишке жоопкерчиликтүү мамиле кылуусу үчүн, эгер самолет абада бир нерсе болсо өзүнүн өмүрү да тобокелдикке салынарын билүүсү үчүн дайыма президенттик самолетко барымта катары алынып кетет. Бүгүн бул маселе кандай болуп жатат? “Манас” аэропортунун президенти Эмил Чукуев президенттин самолетунун коопсуздугу үчүн бейрасмий делегациянын составында тирүү барымта катары учуп жатабы?

Ушуга байланыштуу бир жагдай кооптуу болуп турат. Акыркы кезде өкмөт “Манас” аэропортунун президентин жумуштан алуу боюнча маселени тымызын да, ачык да сөз кылып, анын ордуна татыктуу кандидат табыша албай жатканын массалык маалымат каражаттары байма-бай жазышууда. Парламенттин депутаттары бул маселени ачык айтып жатышат. Алтургай Эмил Чукуев ушундан улам “кетиргени жатышат” деп көңүлсүз жүргөнү айтылууда.

Ошол эле учурда “Азия ньюс” гезитинин жазганы боюнча Атамбаев “Сексенге чыгып жуурканыма чычып өлгөндөн көрө, алтымышымда акүйдүн алдында Соке менен атышып өлгөнүм жакшы” деп кекенип жатыптыр. Бүгүн болсо коомдук ишмер Эдил Байсалов гезитке берген интервьюсунда Атамбаевдин штабы эски активисттерди бирден чакырып алып, бийликке каршы мобилизациялап жатканы чын экенин билдирди.

Ал эми Эмил Чукуев Атамбаевдин жакын кишиси, өмүр бою Атамбаевдин жеке менчик ишканаларында иштеп келип, эми гана Атамбаев бийликке келгенде мамлекеттик кызматка – “Манас” аэропортунун президенттигине жеткен инсан. Эми ал кызматтан алынганы жатса, анан анын өз атасындай болуп калган эски шефи бийликке каршы кандайдыр бир акцияга даярданып жатса Чукуев ким тарапта болот? Албетте Атамбаев тарапта болот. Ошондо президенттик самолеттун коопсуз кайтарылышына кепилдик барбы?

Ошондуктан Эмил Чукуев кызматтан алынат деген сөз эч качан ачык айтылбаш керек. Эгер ал кызматтан алына турган болсо кокустан, күтүүсүз жерден болушу керек. Буйрук чыкканга чейин Чукуев “Манас” аэропортунун президенти болуп түбөлүк иштей тургандай көңүлү көтөрүнкү ишенимдүү жүрүшү керек. КР Президентинин коопсуздук кызматы муну көзөмөлгө алуусу зарыл.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 57 = 58

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: