13-сентябрдан 15-сентябрга чейин Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда “Биз адам сатууга каршыбыз” деген ураандын алдында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасында облусттук VIII спартакиадасы өтөт. Бул туурасында ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз катчысы маалымдады. Азыркы учурда облусттун район-шаарларында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасында спорттун 6 түрү боюнча мыктыларды тандап алуу мелдештери өткөрүлүп жатат. Спартакиаданын катышуучулары спорттун коляскада жарышуу, шахмат, шашки, гир көтөрүү, кол күрөш жана жатып алып штанга көтөрүү түрлөрү боюнча аялдар менен эркектер арасында таймаш өткөрүшөт. Жалпысынан спартакиадада медалдардын 39 комплектиси ойнолот. Жеңүүчүлөргө медалдар жана дипломдор тапшырылат.
— Кыргызстан боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында облусттук спартакиада 2010-жылдан тартып бир гана Жалал-Абад облусунда өткөрүлүп келе жатат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар арасында быйылкы жылы өткөрүлүп жаткан облусттук VIII спартакиаданы өткөрүүгө ыйгарым укуктуу өкүл Кыянбек Сатыбалдиев өздүк резервдик фондунан 100 миң сом каражат бөлүп берди. Ал эми Эл аралык коргоого көмөктөшүү борбору “Биз адам сатууга каршыбыз” долбоорунун алкагында сапртакиаданын уюштуруу иштерин өткөрүүгө 105 мин сом колдоо көрсөттү. Спартакиаданы өткөрүүнүн башкы максаты ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугун коргоо, жашоо шарттарын жакшыртуу, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын өз ара карым-катнаштары менен достуктарын чыңдоо жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңири даңазалоо болуп саналат,- деди ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппаратынын социалдык мониторинг жана өнүгүү бөлүмүнүн башкы адиси Абдуллабек Камбаров.
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда өтүүчү ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын облусттук VIII спартакиадасына район-шаарлардан 150гө жакын адам катышат. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын облустук VII спартакиадасы буга чейин Сузак районунда өткөрүлгөн
Жолдошбай Осмонов, Жалал-Абад облусу
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ