Menu

Күкүк өз атын өзү чакырат же чыныгы саткын АША жөнүндө

Бөлүшүү:

АША акыркы убактарда өзү тандап, жогорку кызматтарга жайгаштырып, депутат кылгандардын көбүн “чыккынчылар, саткындар” деп шыбап, каргап-шилегенди адатка айландырып алды. Бирок, КСДПнын парламенттеги фракциясында отургандар, аракеттеги президент Сооронбай Жзэнбеков кимдерди сатышты? Алар эч кимди сатышкан жок.

Бишкек ЖЭБин, Улуттук тарых музейин модернизациялап, Чалпон-Атадагы ат майданын курууда коррупциялык схемалар колдонулуп, ири өлчөмдөгү каражаттар уурдалгандыгын, алардын бир учу АШАга барып такаларын билишкенден кийин андан алыстоого ашыгышкандары чын. АША ал коррупциялык иштерге туздөн түз аралашкандарды жактап, мактап, адвокаттарына айланып, көзүнө сайылгыдай болуп турган фактыларды танып, биротоло кудайдан жөө качкан калпычыга айланып кеткенде, анын айланасындагылардын көпчулүгү да ал чакырса барышпай, аралыгы сууп кеткени да ырас. Анткени, эч кимдин өзү жебеген самсыга пул төлөгүсү, жок жерден элге жаман көрүнгүсү келбейт. Азыр АШАнын айланасында башка чоң партиялар өздөрүнө кошпостугун түшүнүп, болсо, болду, болбосо, ансыз деле жоготор эч нерсе жок дегендер гана калышты. АШАнын сөзү менен айтсак, С.Жээнбеков баштагандар элдин, мамлекеттин кызыкчылыктарына чыккынчылык кылгандан көрө. АШАдан айрылганды туура көрүштү. Андайды чыккынчылык дебейт, достуктан, жолдошчулуктан элдин, мамлекеттин кызыкчылыктарын жогору койгон мекенчилдер дешет.

Тилекке каршы, АША өзү чыккынчылык аркылуу байып, анан ошол жол менен бийликке жеткен адам. Адегенде ал “агамсыз” деп жүргөн Чыңгыз Айтматовду, анан акын-жазуучуларды дүңүнөн сатып, аларга келген 60 миллион рублге заводдорду сатып алганы аз келгенсип, эс алуу жайына, кафесине чейин менчиктештирип алган. 2007-жылы экинчи үй- бүлөлүк башкарууга каршы чыккандарды дүңүнөн сатып, премьер болгон, анан кучакташып жүргөн Курманбек Бакиевин саткан. 2010-жылы майда сепаратистгер менен коз кысышып, шыкактап Кыргызстандын элине чыккынчылык кылды. Анан майлуу-сүттүү кызматтарды сатты, Убактылуу Өкмөткө чыккынчылык кылды. Кан алышкан досу А.Бекназаровду “шлепнуть этип салбайсыңарбы, Бакиевдерге шылтап коёт элек” деп жүрдү. УӨтүн мүчөлөрүнүн арасында азыр аны колдогон бир да адам жок. Анан жетелеп бийликке алып келген Р.Отунбаеваны Ала-Тоо аянтында маскаралап, трибунадан кууп түшүрдү, Апрель революциясынын идеалдарын кредиттердин “шапкелерине” алмаштырып байыды, алардын арбактарын сатты. Максим Бакиевден калгандардан криминалдык банда түзүп, мамлекетке кылымдын аферасы деп аталгандай зыяндарды келтиришти. Бишкек ЖЭБин модернизациялоодо уурдалгандардын суммасы эле 110 миллион доллардан ашты. Калган ири долбоорлордон уурдалгандарчы?

“Бакиевдердин кандуу режими келатат”- дегени да анын эки жүздүү калптарынан, таза иштегиси келгенди көрө албай, элге чыккынчылык кылгысы келгендигинен айтылууда. Азыркы бийликтин ууруларга, жегичтерге, алдамчыларга катаал экендиги чын, ал элге абдан жагууда. Эл коррупцияга каршы күрөштү дагы чечкиндүү катаал жүргүзүүнү гана талап кылууда. Аны барган жерлерибизден көрүп жатабыз. Коррупция – бул сары чырмоок. Аны түп тамырынан аёосуз жулмайынча, түшүм болбойт, экономика өнүкпөйт. Азыр өлкөдө коррупцияга каршы Чоң Казат жүрүп жатат. Өзүнүн С.Исаков, А.Ибраимов, К.Жулматов сыяктуу кошёлокторунун көбү камалып, А.Шадиев сыяктуу айрымдары качып кетишсе, калгандарына, өзүнө да укуктун укуруктары жакындап калгандыгын көрүп, Бакиевдерди оозана айгай салганы – АШАнын аргасы кетип, алдастап калганын гана айгинелейт. Азыркы бийликтин кредиттерди эмес, түз инвестицияларды тартууга негизги басым жасап, бул багытта чоң ийгиликтерге жетишип жаткандыгы – АШАнын ичин күйгүзмөк түгүл, жөн эле өрттөп жатат.

Ондогон жылдар бою арам оокат менен байып келгендер оңой-олтоң багынгылары, көнгөн адаттарын таштагылары келишпейт. Аларды аёосуз катаал чаралар гана эстерине келтирет. Бүгүнкү президент коррупционерлерди аябашы керек. Алар элди, мамлекетти эч качан аяшпайт. Аларды “калёным железом” куйкалап жоюу керек. Бүгүн эл өлкө башчысынын ушул багыттагы күрөшүн колдоп турган чагы, биз ага ийгилик каалайлы!

 Автандил Белеков

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 2 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: